Айдана Дека "Кыздын сыры"
04:01
3,67 Мб
Жүктөлгөн: 14-01-2016
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 3.63/5
(8 добуш)
Гүл назик бүчүр жайып жашыл,
Жаз демине ачылат.
Кыз назик сүйүп калса эгер,
Махабатын жашырат.
Кусаланып жалгыз ойго чөмүп,
Кай бир кезде ирмем жаш төгүп,
Кыздын сыры, кыздын сыры
Жүрөктө катылат.

Кайырма:
Ак сүйүүгө арга жок,
Ашыктыгым артылат.
Эх, андай зор күчкө,
Адам өзү тартылат.

Сен күткөнүм байкабадың, жаным,
Арзып сүйгөн жүрөктү.
Ал кездеги жүрөгүмө сүйүү,
Махабатым түнөттүм.
Сагынычым улам-улам артып,
Карегимде ыйык нур балкып,
Сен деп гана, сен деп гана
Жашаган күн өттү.

Кайырма:

"Чын сүйүү барбы?" десе, жаным,
Сени дайым ойлоймун.
Кимде ким сүйгөн болсо дагы,
Бактылуу деп болжоймун.
Адамдагы кыял өтө күлүк,
Сүйүү шамы өңдүү бир үмүт.
Ыйык мага, ыйык мага,
Өчүрбөй коргоймун.

Кайырма:

Комментарийлер (17)

14.01.2016. 17:54
 dastan_nookat
Ото ото жакшы болду ушул ырчы айымдын ырын издедим эле super.kg сиздерге алкыш
14.01.2016. 20:51
 Мэри
Мм... Аткаруу жаккан жок... Начар...
15.01.2016. 00:57
 roza1996
Ejemdin jakwy korgon yry, ubagynda Alina ejeni ugup suichuk ele dep aitat. Aidana yrdagany jakty, birok kochuro albaitam
15.01.2016. 01:49
 m_kuttubaev
Анча эмес. Аракет кылыш керек дагын.
15.01.2016. 09:40
 Ainagula
Уну жок ырчылардын санын толуктоочу кошулуптур.
15.01.2016. 09:42
 damir007
Сонун! Азаматсын Аваздын аппагы))))
15.01.2016. 12:10
 elina2014
эми мен башкамын.сагынбайм дегенди ким ырдайт?
15.01.2016 12:15
http
elina2014, http://www.super.kg/media/audio/1235/
15.01.2016. 18:49
 Azizbek.94kg
саламатсыздарбы одмин?мейли унут,унут эми баарын.эми окунбосмун отконкунго.деген саптары бар ырды кайдан тапсам болот?
15.01.2016. 20:51
 aliya69
Echkimdikine okwobogon sonun unu bar eken) Dagy da iwtese sonun bolot!
16.01.2016. 03:11
 tatynam
Сонун
16.01.2016. 22:26
 kanat4ik
Биздин эркетайыбызга ийгилик!)
30.01.2016. 10:38
 Crystal
зынк чыгыптыр,мага жакты..
09.04.2016. 16:39
 nurkaa
Алина Жетигенова эжекебиз ырдананын ким билет ушу ырды
15.05.2016. 13:18
 Kadyrbek09.10.2015
Ozu da yry da zynk +5
08.05.2018. 16:34
 ady-88
Ырчынын санын кобойтуптур ошол
01.01.2021. 21:48
 Usow
Жаман эмес, ото эле соонун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо