Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
STYLE MIX тобу "Чолпонум"
03:35
5,75 Мб
Жүктөлгөн: 25-01-2016
Жанр: Поп
Сөзү:Жолболду Алыбаевдики
Обону:Жолболду Алыбаевдики
Көчүрүү
  • Currently 3.86/5
(7 добуш)
"Чолпонум" деп ат коюп
Чоң казалды баштадым.
Аялзаттан сенчелик
Ашкан сулуу таппадым.
Күлкүң кетпей оюмдан
Күндүз сенсиз баспадым.
Түшкө кирип азгырып
Түнү сенсиз жатпадым.
Сугум артып башкага
Сүйүү отун жакпадым.
Түнү күндөй, күнү айдай
Түңүлбөдүм, батпадым.
Бир өзүң жок түнөргөн
Булут болду асманым.
Бийлиги өтпөй жүрөккө да
Бир өзүңдөн башканын.

Бирибиз тоо, бирибиз түз болдук го, Чолпонум.
Бирибиз жаз, бирибиз күз болдук го, Чолпонум.
Бирибиз жай, бирибиз кыш болдук го, Чолпонум.
Бирибиз чөл, бирибиз сыз болдук го, Чолпонум.
Бирибиз кант, бирибиз туз болдук го, Чолпонум.
Бир бутакка коно албай, Бир уяда боло албай.
Күкүк менен зейнептей
Куш болдук го, Чолпонум.
Куурап калган тардырга
Биз туш болдук го, Чолпонум.

Каныкейдей кадырлап
Барктап өтөм дечү элең.
Алтын чынар теректей
Шактап өтөм дечү элең.
Айчүрөктөй актыгың
Сактап өтөм дечү элең.
Жаралансаң ок тийип,
Аттап өтөм дечү элең.
Алыс кетсең
Санаага түшүп жүрөм дечү элең.
Кенжесиндей Төштүктүн
Күтүп жүрөм дечү элең.
Күмөн ойду көңүлгө Жармаштырбайм дечү элең.
Күмүшүндөй Жаныштын да Алмаштырбайм дечү элең.

Жолугушчу ар качан жерден күтөм, Чолпонум,
Бетегеси буралган белден күтөм, Чолпонум.
Жаздын күнү жолукчу жайдан күтөм, Чолпонум,
Агын суусу шар аккан сайдан күтөм, Чолпонум.
Күздүн күнү жолукчу түздөн күтөм, Чолпонум,
Кыштын күнү жолукчу, үйдөн күтөм, Чолпонум.
Баягыдай дагы эле жолдон күтөм, Чолпонум,
Батыш, чыгыш, оң бетинде, солдон күтөм, Чолпонум.
Күтүп жүрөм, Чолпонум,
Күтө берем, ий, Чолпонум.

Комментарийлер (17)

25.01.2016. 09:46
 amanatym
ырларды жаман бузушту го
25.01.2016. 10:12
 damir007
Оригиналдуу болуп ээ, жакты. Стай микс ырды жакшы тандай триого ылайыктарштырып атайын))
25.01.2016. 10:14
 End1
Bashtagy muzykasi ollo biyley bere turgan boluptur, kara jorgo style eken. Azamattar!
25.01.2016. 12:07
 maksat2016
Жакпады
25.01.2016. 13:07
 kandai.janym
емне деген ырлар чыгып жатат андан коро ырдабай еле койсо болмок
25.01.2016. 14:28
 bibi87
Ужассс. Маданият министри каякты карап жатат. Алтын фондго кирген кыргыздын классикалык ырларына жаны аранжировка жасоого ,ырдын обонун бузууга, запрет коюп коюшпайбы. Жаны ыр жаздырып ырдашсын жаны ырчылар. Ыр таппай калышса эле эски ырларга жабышып жатып калышат экен, жалкоолор. Бул деген ырдын авторун сыйлабагандык,озум билемдик и тоготпогондук!!!!!!!!!!!
25.01.2016. 16:25
 Aksy-13
мага жакты жанагы Торгоюм деген ыр да сонун чыккан азыр эми жаштар чоон муундардын ырларын укпай калбадыкпы ошол ырларды очурбой бизге жаныча ырдап жеткирип атышканы жакшы деп ойлойм. Самаранын "Сагынганда атамды" деген ырын мурун такыр укпаган экенмин Самара аркылуу жетти мага, Аянанын "Суротуно" деген ыры да айтор коп ырларды жаш ырчылар аркылуу таанып угуп атабыз. Укпай, билбей жургондон кору бул деле жакшы. Эски ырларды да уккан адамдар коп менин созум аларга тиешелуу эмес...Aksy-13 түзөттү 2016-01-25 16:28:26
25.01.2016. 17:54
 dkanu
Адамга ар нерсе жага бербейт экен. Замана менен кошо озгоруу дейт. Мага жакты. Мыкты
25.01.2016. 18:36
 dastan_nookat
Жаман кутум эле ушул ырды рахмат super.kg порталы!!
26.01.2016. 01:20
 Jazim93
Сонун....ушинтип эски ырларды ырдап турса болот ......унутта калбай...
27.01.2016. 09:52
 Nazmirjaz
оздорунун денгээлине жараша жазап чыгышыптырда эски вариянтын ырдоого булардын духу жетпейт окшоштурада албайт. бул кайталангыс чыгырма
27.01.2016. 12:52
 Abaeva-1987
Ырчылар эмне оздорундо идея калбай калганбы? Жаны ырларды жаздырса боло баары эле эски ырга жабышып калышат. Ушул ырды эми дагы канчоо ырдаар экен мен билгенден эле уже учунчу ырчы ырдап чыкты ((((
28.01.2016. 00:16
 Jalliwood_uluk
Бир жакшына ырларды бузуп жатышат...
29.01.2016. 02:00
 amin1986
Жогорудагы айтылгандарды четке какпайм бирок,эски ырларды жаңыртып турбасы жаш муундар укпайт болсо керек деп ойлойм,
04.02.2016. 23:53
 Chubak3922
Эмнеси жаман экен мындан артык кандай керек . Абдан жакты радиодон угуп дароо көчүрүгө шаштым
04.02.2016. 23:58
 Chubak3922
Баары жайында экен оз комуздун кыл комуздун коштосу менен экен башка кандай болуш керек
16.02.2016. 13:14
 Oi_pikir
Жолболду Алыбаев бул дастанын толуп-ташып, төгүлүп ырдайт, жүрөктүн жетчү жерине жеткирип ырдайт. Бул ырдан МАСКАРАД жасоонун кереги жок болчу!!! Алыбаевдин энергиясынын бири жок. Уга албадым аягына чейин. Телефонумда дайыма жүрөт Алыбаевдин аткаруусундагы "Чолпонум". Эски ырды жаңыртып ырдасаңар да түшүнүп ырдагылачы, сураныч!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо