Алтынай Нарбаева "Жүрөктө калды элесиң"
03:58
3,31 Мб
Жүктөлгөн: 22-02-2016
Жанр: Эстрада
Сөзү:Т.Казаковдуку
Обону:А.Бедияровдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.40/5
(5 добуш)
Бул турмуш дарак тура мөмөлөгөн,
Мөмөсүн эсиргендер тебелеген.
Мен сени жандап жүргөм жашыл жолдо,
"Бөлүнбөй кете берет" деген элем.

Бул турмуш деңиз тура кемибеген,
Жакшылык-жамандыгын ченебеген.
Тымызын кош айтышып жаткан кезде,
"Мен сени унутам го" деген элем.

Көрсө, сен катар басып койбоптурсуң,
Бүтүндөй өмүрүңдү ойноптурсуң.
Жүрөктө балалыгым кандай калса,
Сен дагы дал ошондой орноптурсуң.
Жүрөктө дал ошондой,
Сезимде дал ошондой,
Жүрөктө дал ошондой орноптурсуң.

Комментарийлер (11)

22.02.2016. 10:38
 uluk5555
Жакшы
22.02.2016. 13:20
 Lazat
эң жакшы 5555555555++++++++++++++++
23.02.2016. 08:39
 stimyl.kg
Баракелде эжэ унунуз ардайым шанкылдап жагымдуу ырдап журобериниз! Ийгилик ишинизге!
24.02.2016. 02:38
 ggvatua
Ыр "зыңк".Жакты±5555
24.02.2016. 12:49
 Mars55
Алтынай эженин ырдаган ырлары баары сонун бирок сөзү обону обону өзүнө таандык кайсы ыры бар?
24.02.2016 14:24
amanatym
Mars55,жазбайт го озу аткаруучу гана
24.02.2016. 22:12
 janaika-95
Ыр соонун соз жок. Мин жолу уксанда тажабайсын
25.02.2016. 01:46
 muke.1971
Созун.
25.02.2016. 11:43
 Kgstar96
Мааниси терең ыр болуптур
08.01.2017. 02:54
 adi_ko.kg
Супер
16.01.2017. 19:38
 Bakyt_daamy1
Админ_медиа, сураныч, Алтынай Нарбаеванын аткаруусундагы "Кадырым билгендердин эсиндемин" деген ырды жуктоп коё аласыздарбы? Алдын ала чон ырахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо