Алтынай Нарбаева "Мен сизди жоготуп албасам дейм"
03:11
5,09 Мб
Жүктөлгөн: 19-02-2016
Жанр: Эстрада
Сөзү:Б.Чотурованыкы
Обону:Г.Айдосованыкы
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(8 добуш)
Күтүүгө жүрөгүм арнасам дейм,
Кусалык азабын ар качан жейм.
Күлүктөй чуркаган күндөрүмдө,
Мен сизди таарынтып албасам дейм.

Жарыгын сезимдин кармасам дейм,
Жан дүйнө азабын ар качан жейм.
Мейли эле өзүмдү аябасам,
Мен сизди оорутуп албасам дейм.

Өзгөнүн чаңында калбасам дейм,
Өрт сүйүү азабын ар качан жейм.
Өмүрдө, жашоодо бир болууга,
Өзүмдү бир сизге арнасам дейм.

Айта албай чын сырды калбасам дейм,
Арзуудан азапты ар качан жейм.
Мезгилден кечиккен тагдырымда,
Мен сизди жоготуп албасам дейм.
Мен сизди оорутуп албасам дейм.

Комментарийлер (17)

19.02.2016. 23:29
 Alinurabbas
Жакшы ыр экен
20.02.2016. 00:28
 Musabaeva
Мен сизди жоготуп албасам дейм (((
20.02.2016. 01:05
 rnurzida
Текстин жазып коюңуздарчы.
20.02.2016. 08:57
 akzuura
Админ текс жазып койуңуз)
20.02.2016. 11:12
 ibo
Урматтуу Админ томонку ырдын mp3 версиясын тапканга жардам берип коюнуздарчы. Алдын ала ражмат.
Бир гул кордум аяп аны узбодум, Бирок
калды жаз гулундо менин издерим,
Эмнегедир конул дегдеп ошондо, Коп
гулдордон сени гана издедим.
20.02.2016 14:44
soccer_boy95
ibo,http://www.super.kg/media/audio/100079/ ушул ссылка мн кирсен
20.02.2016 14:44
soccer_boy95
ibo, Самара сабирова-сени гана издедим
20.02.2016. 14:46
 soccer_boy95
урматтуу ыр куйормандары ушул ырды табышып коесуздарбы
Катар жаздык бири бош калат,
Бир жаздыкка ысык жаш тамат.
Бир тошоктун жарымы жылуу,
Жарымында оксуу мун жатат.
22.02.2016 17:35
sabyr86
soccer_boy95,укмуш ыр го)))
20.02.2016. 21:07
 Lazat
soccer_boy95 саламатсызбы сиз издеген ыр элдик аудио бөлүмүндө АЗАДАБЕГИМ тобу "Сен жокто".
20.02.2016 22:32
soccer_boy95
Lazat,рахмат чоооон
22.02.2016. 03:58
 zeet
супер ыр
22.02.2016. 11:21
 amanatym
озу чыгарыптырбы ырды
22.02.2016. 14:08
 ibo
Жардамыныздар учун баарыныздарга чоон рахмат!!!
24.02.2016. 10:27
 amanatym
рахмат С.И. ))
29.02.2016. 23:47
 Lumia-800
Текстинде соз жок.
12.08.2017. 20:13
 Azizbek.94kg
Саламатсыздарбы урматтуу админ???
Ош,баткенде жок жок.
Сени издедим деген ырды кайдан тапсам болот???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо