Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
03:07
4,98 Мб
Жүктөлгөн: 19-04-2016
Жанр: Поп
Көчүрүү
Бир көргөндө сүйбөйм дечү элем,
Сүйгөндөрдү көрүп күлчү элем.
Жазасыбы тагдыр таш болгон.
Кайгысы жок жандай жүрчү элем.
Кайырма:
Жаным назданбачы,
Жаным жамалың катып.
Жаным барктанбачы,
Жаным жаныма баттың.
Ойлор кетпейт чексиз бураган,
Оору болдум байкуш кураган.
Сен болбосоң жашоо жакшы эле,
Кайдан келсең кетчи суранам.
Кайырма:
Балким сага жагат ушундай,
Баркым билип койсоң болду эле.
Абайлачы барга бурулбай,
Азап тартпай жалгыз мен эле.
Кайырма:
Комментарийлер (5)