Аскат Мусабеков "Мунарым"
04:59
5,7 Мб
Жүктөлгөн: 29-04-2016
Жанр: Фольклор
Сөзү:Элмирбек Иманалиевдики
Обону:Элмирбек Иманалиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.67/5
(3 добуш)
Эстесем көлдүн кууларын,
Эстеймин сени, Мунарым.
Ал күндүн тагы өчпөгөн,
Азыр да эстеп турамын.

Көңүлүм сүйгөн ынагым,
Көл жээги турган турагың.
Көрүнүп калып капыстан,
Көйгөйгө салдың, Мунарым.

Он алты жашта курагым,
Ойлоно берип куурадым.
Оймоктой бала кезимде,
Оймоктой бала чагымда,
Ок атып койдуң, Мунарым.

Көл дагы турду мелтиреп,
Көңүлгө көп ой энчилеп.
Жалжалым, өзүң узаттың,
"Жайында кайра келчи" деп.

Албырып оттой жанамын,
Айткандан кантип танамын?
Жаңылбайм айткан антымдан,
Жайында сага барамын.
Сезимдин өрттү тынчытпай,
Сезондо сага барамын,
Сезондо кайра барамын,
Жайында кайра барамын.

Комментарийлер (7)

29.04.2016. 20:11
 ofiser26
316 жолу уктум кайталап. Бирок дагы угам. Элмирбек агабыздын талантына таазим. Кен Туулуктун тунук сууларын ичип чонойгон да кантседа.
01.05.2016. 23:19
 Nur0701
Азаматсыз сөз жок
03.05.2016. 08:09
 MekaLuna
эң сонун ийгилик
08.05.2016. 08:09
 Respect.
Жакшы ыр экен.
10.05.2016. 05:31
 aza312.kgz
Еееехууууу мен куткон ыр чыгыптыр рахмат!!!
25.05.2016. 01:00
 shava79
Жакшы бирок Элмирбектин озунун аткаруусунда соз жок!
25.10.2016. 10:21
 sahalin.kg
Эң сонун... Азамат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо