Самат Дөөлөтбаков "Көздөрүң"
03:27
5,52 Мб
Жүктөлгөн: 25-05-2016
Жанр: Поп
Сөзү:Жыпар Исабаеваныкы
Обону:Съездбек Искеналиевдики
Көчүрүү
  • Currently 3.80/5
(5 добуш)
Ал күнү сенин
Добушуң болчу дилдирек.
Сүйүүдөн бекен,
Сүрдөдүң бекен, ким билет?
Арзыдым десем
Албырып жүзүң от болуп.
Асман да, Ай да
Аярлай калган токтолуп.

Кайырма:
Жалжылдап жайнап, жалт карап,
Жалт карап алган көздөрүң.
Жаныма жакын, жагымдуу болчу
Сөздөрүң, сөздөрүң.
Санаага салбай, сагынбай,
Сагынбай такыр башканы.
Сагындым сени, сагынтты мени
Жаз дагы, жаз дагы.

Сүйөмүн дедим,
Жүзүңдөн сүйдүм акырын.
Жүрөгүм туйлап,
Сүрдөдүм мен да, асылым.
Сыдырым желге
Саамайың учуп сеңселет.
Көздөрүң мага
Сүйүүсүн айтат, эркелейт...

Комментарийлер (7)

25.05.2016. 17:04
 Aizirek2014
Классная песня ,слушаю весь день ))) Успехов вам ! !!!
26.05.2016. 11:21
 damir007
Сонун ыр экен! Бул байкебиз корунбой кетти, иштеп турса го ырларды кобуроок жазып.
30.05.2016. 15:10
 admin_media
barhin1978,
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
11.10.2016. 23:50
 Rus.ruslan
Тим эле керемет!
08.11.2016. 20:18
 Kursi00002
Минусовкасын кошсонор зор болмок.
07.12.2016. 19:50
 uda4nik
Admin сураныч Sania- Эми кайрылбаймын аттуу ырды кошуп койгулачы. Алдын ала рахмат!
30.12.2016. 20:12
 Aina77
Менин жакшы коргон ырчым,жакшы коргон ырым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо