Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Ильгиз Абдалиев "Гүлдөй, гүлдөй"
03:40
5,77 Мб
Жүктөлгөн: 17-06-2016
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.55/5
(11 добуш)
Күндөй нуруң күлүмдөгөн
Гүлдөй сулуу келбетиңден.
Сенин оттуу жамалың да,
Суктандырып күлкүң менен.
Сулуу жүздүү алтыным,
Жаным менин, асылым.
Жүрөгүмө кондурдум,
Жаркылдаган жаркыным.

Кайырма:
Гүлдөй, гүлдөй
Жаным гүлдөйсүң,
Жүрөгүмө жакын жүргөнсүң.
Сенсиз мага өмүр жоктугун,
Жаным өзүң билгенсиң.

Акылын шай көркүң менен,
Эч кандай кем келтирбеген.
Экөөбүз бир жүргөн кезде,
Сыр калчу эмес чертилбеген.
Сулуу жүздүү алтыным,
Жаным менин, асылым.
Жүрөгүмө кондурдум,
Жаркылдаган жаркыным.

Кайырма:

Көркөм сулуу келбетиңде,
Сендей жан жок жер бетинде.
Бизге карап тамшанчу эле,
Кош ак куу да, көл бетинде.
Сулуу жүздүү алтыным,
Жаным менин, асылым.
Жүрөгүмө кондурдум,
Жаркылдаган жаркыным.

Комментарийлер (22)

17.06.2016. 20:42
 Mediziner
Көрүнбөй кетти эле бул мырза.. Шаңдуу ыр болуптур. Ийгилик!
17.06.2016. 20:53
 Aigera89
Созун жазып койгулачы админ, сонун ыр экен
17.06.2016. 21:00
 Romeo_FK
Аракети бар молодец
18.06.2016. 00:57
 Maks_sharshenaliev15
Молодцы
18.06.2016. 01:20
 mirlan15
Жакшы +4
18.06.2016. 01:58
 don.kg
Кыргыз Казак бир тууган боловерет бул жагы
18.06.2016. 18:13
 sama1212
Пххх. Жүдөп кеттим угам деп
Бар эле болсунчу ушундай ырчылар
19.06.2016. 11:56
 Kyrgyzdyn-kyzy
Мындай ырчылардын уну деле жок компьютер менен жасашатда, кыйналып ырдаптырго
19.06.2016 12:51
Mediziner
Kyrgyzdyn-kyzy, жандуу үн менен ырдаганын угуп эле жүрөм, жандуу үн менен мындан да жакшы ырдайт.
19.06.2016. 11:59
 Cholpon94
Ырдаганы нормале, бирок ХХХ ХХХМодератор admin_media түзөттү 2016-06-20 14:46:24
20.06.2016 14:46
admin_media
Cholpon94, порталдын эрежелерин сактаңыз!
19.06.2016. 12:04
 Bekzat1997
Ыр зынк брат.
Асель Касымовага арнап жазган окшойт, ошонун жигити деп айтып журушот элего
19.06.2016 12:52
Mediziner
Bekzat1997, Ким айтты? Асель Касымованы эжесиндей эле көрсө керек, Ильгизден жашы улуу..
19.06.2016. 15:04
 Fatima2016
Админ.сураныч Бактыгул Бадыеванын журок тагы ырын кайдан укcам болот
19.06.2016. 20:32
 Kingsman
сураныч админ, не жанылык проектисин саундтрегин жуктоп койгулачы
20.06.2016. 15:09
 jamri
Саламатсыздарбы жакында санжыра радиосунан Эх сулуу кандай кегин бар Тенирим кошкон теним бар Капыстан калдык кезигип Эх тагдар кандай кегин бар деген саптары бар ыр уктум ким аткарат билбейм ушул ырды жуктоп койо аласынарбы
20.06.2016 16:53
admin_media
jamri, Kingsman, Fatima2016,
Саламатсыздарбы! Сунуштарды эске алабыз, рахмат!Модератор admin_media түзөттү 2016-06-20 18:12:41
Комментарийлерди жашыруу
20.06.2016 18:57
kgerik
admin_media бактыгулдун ырын жуктоп койдум модерациядан откоруп койгула
23.06.2016. 03:34
 Zvezda.KGKG
Ильяз Абдыразаковдун Детства деген ырын жуктоп бериниздерчи...
24.06.2016 18:21
admin_media
Zvezda.KGKG,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
28.07.2017. 13:21
 Arbyn2017
Сонун!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо