Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Иса Өмүркулов "Эки жаш"
03:51
8,79 Мб
Жүктөлгөн: 05-10-2016
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 3.38/5
(8 добуш)
Уланып салты бул кыргыздын,
Ак тою бүгүн уул-кыздын.
Узатып турмуш жолуна,
Салтыбыз экен бул биздин.

Кайырма:

Кармашып түбөлүк колуңар, ачылсын жолуңар,
Бир келген өмүрдө бир болсун оюңар.
Өнүгүп-өскүлө, ак сүйүү төккүлө,
Бир келген жашоодо бактылуу өткүлө.

Аттанып турмуштун жолуна,
Түштүңөр бакыт соңуна.
Бир болуп тилек-оюңар,
Бир чыкчу бийик тоо мына.

Кайырма:

Кармашып түбөлүк колуңар, ачылсын жолуңар,
Бир келген өмүрдө бир болсун оюңар.
Өнүгүп-өскүлө, ак сүйүү төккүлө,
Бир келген жашоодо бактылуу өткүлө.

Жүрөктө сүйүүнүн гүлү өскөн,
Жар болдуң аруу тилектен.
Башыңа бакыт кут конуп,
Салындың жоолук жибектен.

Кайырма:
Кармашып түбөлүк колуңар, ачылсын жолуңар,
Бир келген өмүрдө бир болсун оюңар.
Өнүгүп-өскүлө, ак сүйүү төккүлө,
Бир келген жашоодо бактылуу өткүлө.

Комментарийлер (10)

05.10.2016. 22:15
 kg_emilbekov
жакшы болот молодец иним
06.10.2016. 23:47
 Zvezda.KGKG
Аранжировка зынк
07.10.2016. 09:36
 amin1986
5+
07.10.2016. 13:39
 Atabaev.kg.su
Аа
07.10.2016. 16:24
 Sarana
Жакшы эле. Бирок музакасы бир ырдын обонуна окшошуп атат.
08.10.2016. 02:59
 Tilek_120200
Админ ырдын текстин киргизип койсонуздар сонун болмо
09.10.2016. 21:19
 Zvezda.KGKG
Ыр сонун екен 3 же 4 укканда огобетер жагып калды Иса алга
10.10.2016. 01:01
 Shergazy99
Жакшы соннун чыгыптыр алга молодец
10.10.2016. 14:29
 moskyrsat
Соз жок ийгилик иним быйыл сезонду алатго
13.10.2018. 15:31
 AlibaevO
Ушундай аранжировкаларды чыгарып тур иним
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо