Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Нурмат Садыров "Кыргыз кыздары"
03:32
5,67 Мб
Жүктөлгөн: 30-01-2017
Жанр: Поп
Сөзү:Жылдызбек Турсунбаевдики
Обону:Эдил Маматовдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.30/5
(27 добуш)
Керме каштуу селкилерге сунуп урматын,
"Кыргыз кыз" деп жар салат ырчы Нурматың.
Жыгылсам таяган, жалооруп аяган,
Жылдыздуу пери кыз болчу курдашым.

Кайырма:
Жүрөгүмдүн ооругансып турат туш жагы,
Жетпей сага көңүл чиркин канча сыздады?
Ажары ченелбес, айга да теңелбес,
Ааламда эң сулуу кыргыз кыздары.

Каректери таң сыяктуу атса кылайып,
Кылыгынан эркелеген таппайм бир айып.
Кайыңдай суналган, кымча бел, буралган,
Кыргыздын бир кызы мага ылайык...

Кайырма:


Сен жылмайсаң уялгансыйт көктө күн дайым,
Ууртундагы уячаңа сүйүүм сунайын.
Козгогон сезимди, кыргыз кыз өзүңдү,
Апама алпарып келин кылайын.

Кайырма:

Комментарийлер (44)

31.01.2017. 01:26
 Temirbai
жакшы 5
31.01.2017. 01:27
 Omurbek998
4
31.01.2017. 02:12
 Aruu_2010
Супер!
31.01.2017. 12:06
 baltabaev
Соонун +5
31.01.2017. 12:53
 Zvezda.KGKG
Укмуш сонун дебейин чынын айтсам орто екен ийгилик сизге
31.01.2017. 15:06
 atai9
музыкасы жакшы экен ыр сонун
31.01.2017. 15:46
 Juke.kg89
Баары эле тойскийге өтүп кетиптир го
31.01.2017. 22:20
 Telman89
Сонун,иху!
01.02.2017. 15:17
 Shirinim345
Супеер
02.02.2017. 13:17
 elmira_kurmanalieva
Эмне үчүн акыркы Клиптерде Кыргыз кыздарын Ушакчы кылып тартып жатышат(Торгоюм)(Кыргыз кыздары)
Кулагына шыбырашып
Андан көрө кыргыз кыздарын Комуз ойнотуп ооз комуз ойнотуп сайма сайып жатканын көрсөтүп коюшпайбы.
02.02.2017. 13:19
 elmira_kurmanalieva
Бирок ыр өзү жакшы болгон
02.02.2017. 18:03
 Munish
Жакшы ырдаптыр мааниси деле заманбап башынан аягына чейин тушунукту.
02.02.2017. 21:53
 Bekbosun7373
Чыгармачылык ийгилик каалап кетет элем Нурматка дагы дагы жаны чыгармаларынды кутоберебиз. Баса Урматтуу Админ Модерациядагы минустарды откоруп койгулачы
03.02.2017. 19:51
 rianna
Ой бири Нурматын бири Даниярын дейт го:-)
05.02.2017. 22:34
 Atlantic
Зыңк ыр болуптур ийгилик ишинизге
07.02.2017. 08:48
 marya91
Жакшы чыгыптыр клип тартса хит болгудай
11.02.2017. 14:19
 sama1212
Мааниси сонун экен, жакты мага
13.02.2017. 13:48
 Dayna
Rianna torogali toroalini kumir tutsa owentip yrdawatta aty jonunum bolady torogali toroali dep yrdaitko owogo okwowturganga areket kylgan daniyarda nurmatta birok funchozada ekoo ten okwtura albagan
19.02.2017. 21:24
 Asel9292
Аябай сонун уккан сайын уккун келет
20.02.2017. 20:02
 Dilara08
Мага жакты аявай)))
20.02.2017. 21:04
 manapov
Эркексин доске ийгилик
17.07.2017. 19:26
 bayan_toktomushov
жакшы ыр экен
28.07.2017. 02:57
 yrys2000
Соонун болуптур. Ийгилик..
03.09.2017. 09:07
 Talantmarsel
Ырыңа сөз жок бирок ушул ырыңа комуз кошконуңда ырың көпкө жашамак комузду кошуп жүрчү ырларыңа хит боло анан ишенип кой ушул ырыңда комуз күүсү болгондо зыңк даң болмок
14.09.2017. 15:21
 salamat93
жакшы ыр болуптур алга
30.10.2017. 23:42
 Janimsin
Жакшы ыр болуптур . Нурмат жакшы ырларды ырдап чыгып жатасын молодец ийгилик
25.12.2017. 13:27
 Elnura08
Красавчик,(класс)
18.03.2018. 02:09
 Taalai1997
Ааламда эн сулуу кыргыз кыздарыыы
13.05.2018. 10:39
 AlibaevO
Алга кыргыз кыздары
06.07.2020. 16:29
 gukush_92
5+
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо