Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Өктөм Сапар уулу "Жаштык"
03:11
5,1 Мб
Жүктөлгөн: 16-02-2017
Жанр: Поп
Сөзү:Бек Борбиевдики
Обону:Бек Борбиевдики
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(11 добуш)
Жыгылдым, сүзүлдүм, жыдыдым, көп күйдүм,
Чыйралдым сенден, жаштык, ай.
Ойнодум, көп күлдүм, ойлонбой көп жүрдүм,
Арман жок сенден, жаштык, ай, сенден, жаштык, ай.

Унуткус күн калды, уйкусуз түн калды,
Өткүндөй белең, жаштык, ай?
Тергетер сүр калды, термелип гүл калды,
Жашыл жаз белең, жаштык, ай, жазым жаштык, ай?

Кайырма:
Жакшысын жакшыдай, жаманын жамандай,
Жаштыктан көрдүк ылгабай.
Бирде тез, бирде жай, аттиң, ай, аттиң, ай,
Кетеби бизден алыстай?
Ай, жаштык, жаштык, ай?
Ай, курган мастык, ай, өткөрдүк сени барктабай.
Күчтөнөм, күчтөнөм, мен эми күүлөнөм,
Отузга оңой алдырбай, жазым жаштык, ай.

Сыздатар заары жок, чыны бар, жалган жок,
Таза элең дайым, жаштык, ай.
Жакшы бар, жаман жок, сага айтар арман жок,
Кайыр кош эми, жаштык, ай, менден жаштык, ай.

Кайырма:
Жакшысын жакшыдай, жаманын жамандай,
Жаштыктан көрдүк ылгабай.
Бирде тез, бирде жай, аттиң, ай, аттиң, ай,
Кетеби бизден алыстай?
Ай, жаштык, жаштык, ай?
Ай, курган мастык, ай, өткөрдүк сени барктабай.
Күчтөнөм, күчтөнөм, мен эми күүлөнөм,
Отузга оңой алдырбай, кырк жашка жеңил алдырбай.
Отузга оңой алдырбай, элүүгө жеңил алдырбай.

Комментарийлер (19)

16.02.2017. 15:32
 Muzik
Оо мен куткон ыр,созун жазып койсонуздар ото сонун болмок,азаматсыз Октом.
16.02.2017. 23:04
 Gazy.92
Мыкты болуптур
17.02.2017. 14:16
 Nursultan.m.n
Оо! Укмуш соннун
Рахмат!!
17.02.2017. 18:13
 leilekstan_1987
Урматту ырчы, чоорчулар озунор изденгиле, иштегиле.да. даяр ашка кол салбай
17.02.2017 19:11
Muzik
leilekstan_1987, Анча мынча жакшы эски ырларды жаныртып турбаса унутулуп калат,даяр аш эмес,жакшы эски ырды да табыш кыйын,ошону жеткире ырдаш да чон эмгек,Октом байкенин обондорун деле башка ырчылар ырдап журушот го,разнообразно болгон жакшы да.
17.02.2017. 22:20
 timur01
Oktom baike jakshy iygilik sizge
17.02.2017. 22:21
 timur01
Aa 14 fevral tuulgan kununuz menen kuttuktaim
17.02.2017. 23:04
 Rasul94
алдей бешигимсин Кыргызстаным.алтын эшигимсин Кыргызстаным деген ыр кимде бар достор? жооп кутом
18.02.2017. 02:51
 jigitaly
Jakshy jakshy tekstin jazyp koigulachy admin
18.02.2017. 11:13
 Keremet008
Кудай аааай Бек ага ырларынызды бербенизчи эч кимге.... илгеркилерди бурмалабай эле коюшса ушу
18.02.2017. 11:35
 Muzik
Созу керек,сураныч.
18.02.2017. 15:09
 Rasul94
кыз бурактын жаштык жаштык жалынга баттык деген ыры болсо жуктоп койгулачы.админ
19.02.2017. 17:57
 Mirjamil.kg
Сонун чыгыптыр ийгилик!
19.02.2017. 17:58
 Mirjamil.kg
Текстин жазып коёсунарбы?
19.02.2017. 20:59
 green9595
Super soz jok
20.02.2017. 11:13
 Bekish-kg
Бектин ырларын эхххх
20.02.2017. 16:55
 Aika.120294
Жакшы
21.02.2017. 00:28
 Muzik
Созу????
21.02.2017. 18:45
 Marsel0708
Маанилү ыр! Өттө сонун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо