Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
03:01
3,45 Мб
Жүктөлгөн: 24-04-2017
Жанр: Поп
Сөзү:Жаңылай Кекееваныкы
Обону:Ильяз Абдыразаковдуку
Көчүрүү
Садагам менин сагындырган эркем,
Сендей жашабайт, жок ааламда.
Күндө мага жүрөсүң эркелеп
Калтырбаймын бил, сени арманга.
Күндөрүм өтөт сүйүүм күчөйт,
Бакыт берген кереметим.
Жылдар да өтөт жашоом гүлдөйт,
Буйруганым менин.
Кайырма:
Асылзатым, сен махабатым
Алоолонгон сүйүүмдүн ээси жаным.
Аруузатым, тапкан менин бактым,
Жүрөгүмдө өзүң жашайсың ашыгым.
Таңдагы нур өзгөчө керемет,
Өзүң болсоң жандап жанымда.
Кыялдарга жетели эртелеп
Сүйүүбүздү айтып ааламга.
Күндөрүм өтөт, сүйүүм күчөйт,
Бакыт берген кереметим.
Жылдар да өтөт, жашоом гүлдөйт,
Буйруганым менин.
Комментарийлер (26)