Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
03:42
6,8 Мб
Жүктөлгөн: 14-04-2008
Сөзү:Чыңгыз Мырзаев жана Самат Дөөлөтбаковдуку
Обону:Араб элиники
Көчүрүү
Кыялымда издеп келген,
Бир селкиге капыстан жолуктум мен.
Сенсиз жашоо жок, аны билем,
Келчи, жаным, бирге басалы.
Жүрөгүмдү кыйнады сүйүү азабы,
Жете албас ай болдуң асмандагы.
Кайырма:
Айдай сулууга жолуктум,
Аткан таңдай.
Сүйгөнүм, сүйүктүүң болоюн, кандай,
Ушунча да кыйнайсыңбы мени?
Көп кыздарга көзүм түшкөн,
Сен кызгалдак, коркомун мен үзүштөн,
Тажабаймын чыдап күтүштөн.
Унута албай сенин элесиң,
Жаным, качан мага кайра келесиң?
Айга жетүү - менин бир тилегим.
Кайырма:
Айдай сулууга жолуктум,
Аткан таңдай.
Сүйгөнүм, сүйүктүүң болоюн кандай,
Ушунча да кыйнайсыңбы мени?
Комментарийлер (9)