Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Добр "Алтын апам"
04:04
9,29 Мб
Жүктөлгөн: 16-10-2017
Жанр: Поп
Сөзү:Добр, Адилет Джортушевдики
Обону:Добр, Адилет Джортушевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.58/5
(12 добуш)
Ааламда теңдеши жок асылым алтын апам,
Жашоомо жарык берген жалгызым жаным апам.
Жан тартып дайым мага жанымда жалгыз гана,
Жароокер апакебай, бул ырым жалгыз сага.
Тамчыдай сүтүн берип талыкпай баккан апам,
Алыста жүрсө дагы балам деп шашкан апам.
Бал ширин сөздөр менен эриткен жан дүйнөмдү,
Ар дайым бир өзүмө сүйүктүү жаккан апам.
Балам деп дайым күйгөн эненин таламында,
Унутпайлы бейиш төрү эненин таманында.
Бой тартып чоңойгондо ороңдоп четке какпай,
Барктайлы апаларды көзү тирүү, аманында.
Агарган ар бир чачың, биз үчүн аккан жашың,
Ааламды сактайт тура энелик ыйык атың.
Эр жетип мына эми турабыз алдыңызда,
Эркелеп жетеличи, апакебай, баркыңызга.

Кайырма:
Түшкөрсөм түштү оңунан жоруган алтын апам
Түгөнгүс түйшүктөрдөн коруган алтын апам.
Үч бөлүп түн уйкусун уктабай мени карап
Онтосом, чогуу онтоп, ооруган алтын апам.
Канчалык кыйналсам да баарына түткөн апам,
Кайгырып капалансам арылткан жүктөн апам.
Кайрылып үйгө келбей кечигип калганымда,
Санааркап жолду карап, сагынып күткөн апам.

Жарык нур тийип көктөн, мээримиң чексиз төккөн, Оозанткан эне сүтүн балалыкта эбак өткөн.
Мөмөлүү дарак сымал жемишин жазбай берген,
Апакем жаркыраган жаздагы жашыл көктөм.
Көргөндө ак чачыңды, көзүмө жаш аламын,
Бой жетип чоңойсом да өзүңө мен жаш баламын
Кем кылбай эч бир жандан, чоңойткон апакемдин,
Актайм деп мен ак сүтүн бүт ааламга жар саламын. Талыкпас эмгенине, ак сүтүн эмгениме,
Көрсөтүп туура жолду тарбия бергенине.
Баш ийип таазим этем түбөлүк апакеме,
Жаратып бул жашоого жарык нур бергенине.
Бактылуу жашоо берсе мөмөлүү жемишинен,
Алысмын мен ар дайым кайгырып бир кейишинен.
Тилеймин Жараткандан жалынып мен күнүгө,
Берсе деп апакеме акыреттик бейишинен.

Комментарийлер (20)

16.10.2017. 14:32
 dastan_nookat
Өтө сонун!!
16.10.2017. 15:26
 Beckjsem
зынк болуптур
16.10.2017. 20:17
 Iskender_ala-buka
Сонун ото жакшы алга
16.10.2017. 20:17
 Iskender_ala-buka
Сонун ото жакшы алга
17.10.2017. 10:33
 Rasul94
добр.чык эшикке
19.10.2017 14:28
ori
Добр башка иш кылчы ырдабай эле
19.10.2017. 16:34
 Stal.muradilov
Создору жакшы экен..бирок мурүнкудай жакшы хит ырлар чыкпай калды...
20.10.2017. 11:10
 Kalmurzaev8900
Админ саламатсызбы орозбек сапаровдун айжамал деген ырын жуктоп койгулачы алдын ала рахмат
23.10.2017. 02:03
 Erbol
Ото сонун добр Алга
24.10.2017. 09:38
 qursy
Добрга кенеш бергиче барып ушул ырды апаларыбызга ырдап берели да комментатор ори-норилер!
керемет ыр!
Рэеперди тушунбойт коп адамдар.
24.10.2017. 19:09
 Rasul94
gursy апаларга мындан башка ырлар толтура.репти сен уга бер тушунуп
25.10.2017. 23:59
 muni.98-98
Бизде критиктер ото коп. Озубуздун денгээлибизди билбей эле ар-нерсени суйлой беребиз. Мындайда качан онугобуз эхх
05.02.2018. 14:51
 Myrzaiym.mira
Сонун
01.03.2018. 08:05
 islam97
Просто супер
01.03.2018. 08:07
 islam97
Админ саламатсызбы текстин жазып коёсуздарбы
04.03.2018. 08:33
 Atlantic
Сонун ыр болуптур.
04.03.2018. 16:03
 dicha80
Ушул ырдын клипин кошуп койунуздарчы сураныч!Рахмат!
15.03.2018. 19:18
 aida2304
Сонун
17.03.2018. 22:33
 Burulai.tologonova
Эн сонун чыгармалардын бири
04.04.2018. 12:58
 ArGeN4iK
Ото соннун ыр мындай ырлар аз мааниси ото терен козумо жаш алдым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо