Мыктыбек Нурланбеков "Сенин көзүң"
03:44
6 Мб
Жүктөлгөн: 17-11-2017

Бул ыр Ислам, Нурак менен биргеликте аткарылган
Жанр: Поп
Сөзү:М.Макатаевдики
Обону:К.Ибраимовдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.00/5
(2 добуш)
Сенин көзүң чексиз терең,
Сезимиме жаралган.
Сенделемин сага жетпей,
Секетим, ай бар арман.
Чырайыңан күн уялып,
Гүлдөр кубат ала алган.
Жоолугуңа куп жарашып,
Чачың кундуз карарган.

Каректериң шуру сымал,
Карагаттай шактагы.
Үлбүрөгөн жүзүң сенин,
Жүзүң аппак пахтабы?
Сылагандай саамайыңдан,
Сыдырым жел ак таңы.
Магдыраттың мени, жаным,
Махабаттын асманы.

Шыңга боюң, тула боюң,
Чыбык бекен, тал бекен?
Жамалыңдын тунуктугу,
Жаздагы аткан таң бекен?
Күлкүң булак шыңгыр добуш,
Сөзүң асел бал бекен?
Бул дүйнөдө мен эңсеген,
Сендей сулуу бар бекен?

Комментарийлер (3)

17.11.2017. 21:06
 Rasul94
администрация жамааты салам.Калмира матанова мага жар керек ырын таап бериниздерчи сураныч
19.11.2017. 20:48
 Isco23
Супер Инфо Саламатсыздарбы! Мага жардам берип коесуздарбы?окурмандар сиздерден деле сураныч. Азыр жаш кыз Роза Аманованын ырын ырдап жатат го ошону табышканга жардам берип коесуздарбы? Тексти "жетейин десем жете албаай жургон жанмын...."деген сыяктуу беле
19.11.2017. 21:02
 Rasul94
иско.сен сураган ыр Беназир ак куу деген ыр.тапсам кабарлайм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо