Асель Кадырбекова, Нурлан Насип "Ашык болуу"
03:35
5,77 Мб
Жүктөлгөн: 05-12-2017
Жанр: Поп
Сөзү:Ринат Зайтовдуку
Обону:Данияр Шеңгелбаевдики
Көчүрүү
  • Currently 3.56/5
(9 добуш)
Бакыттын багын аралап,
Жүрөктөрдө сезим жаралат.
Кубаныч коштоп өмүрүңдү,
Ашыктык бакытты бере алат.
Калкып учкан сымал асманда бийик
Кыялымды сууруп.
Керемет го чындыгында,
Бир өмүр жүрсөң сүйүп.

Кайырма:
Ашык болуу, ашык болуу
Жашоону оро жалын-нурга.
Ашык болуу, жашып коюу,
Сүйгөнүңө жолугууга.
Сен баалай бил,
Сен арнай бил, сезим жандаганда.
Ашып болуу ачып берүү жүрөгүңдү бир адамга.

Ашык болуу деген сыйкыр сезим эгер билсең,
Канат байлап алып учат куса болуп жүрсөң.
Жалгыздыкта калган кезде жүрөк сыздап турат,
Сагындырат, жалындырат.
Убагында сездим, ашыктыктын даамын,
Сезим келер менен мага унуттум го баарын.
Махабаттын өзүн бакыт десем,
Ашык болуп жүрүү өзү бакыт экен.

Махабат бакыт барагы,
Ашык болуу жүрөк талабы.
Себепкер болсо сүйүүбүз,
Тагдырды бирге жазайлы.
Тунук сүйүү барда жүрөктөр тоңбойт,
Мерездик болбойт.
Ашыктарды ар дайым,
Жараткан өзү колдойт.

Комментарийлер (33)

05.12.2017. 14:23
 AlibaevO
Maga da jakpady kilpbi sonun chykkan
05.12.2017. 14:58
 dastan_nookat
Жакты мага эн сонун ыр
05.12.2017. 14:59
 dastan_nookat
Клипбин кошуп койсонуздар
05.12.2017. 15:26
 Burulka97
Нурлан байке ушундай женил желпи ырларды ырдап,популярдуулукту жоготуп алатко
05.12.2017. 15:40
 syimyk-akbulak-2000
суппер пуппер
05.12.2017. 16:20
 jenish87
Урматтуу админ сиздерден сураныч Нурлан Насиптин мени унут деген чыгармасын жүктөп коюңуздарчы
06.12.2017 13:55
admin_media
jenish87,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
05.12.2017. 17:00
 Bolunbo.kyrgyz
Басар жок
05.12.2017. 17:19
 Stal.muradilov
Суйлоп эле ырдагандай го...болот эми.
05.12.2017. 17:32
 dastan_nookat
"Керемет ыр керемет"
05.12.2017. 17:35
 dastan_nookat
Казакстандын "Zor" тасмасына саундтрек!
06.12.2017. 00:41
 Gulirka.95
Maga dagy jakty kaira kaira ugup jatam.))))
06.12.2017. 00:57
 Kgstar96
Соонун
06.12.2017. 04:37
 kansulu
Клиби кайда
06.12.2017 13:56
admin_media
kansulu,
Саламатсызбы! Жакынкы күндөрү жүктөлөт. Сунушуңузга рахмат.
06.12.2017. 11:49
 bbbeee
Нурландын уну озгоруп кеткенби, унунун билбей калдым, бир мага эле ушундай угулуп жатабы башка бироо ырдап койгондой?!
06.12.2017. 11:51
 bbbeee
Кайра-кайра угуп эч Нурландын унуно окшоштура албайтам....
06.12.2017. 13:32
 Batma08
Асел жаман кыйналып ырдаптырго. Жакбады
06.12.2017. 17:14
 Sezima89
ЖакпадыМодератор admin_media түзөттү 2017-12-06 17:37:12
06.12.2017. 17:29
 lionna
Аселди угуп кыйналып кеттим.
06.12.2017. 18:34
 Medinaa
Казактар бул ырды сонун ырдаган.Асел чыйылдап калыптыр.
07.12.2017. 10:19
 bela77
Асел чыйылдайт го,мындан ойдороок тонду ала албайт бекен эээ...мына музыкалык дарамети ушул эле тура. Ырдай албайсын десе таарынат анан коралбайсын деп.Жакпаса укпай кой дейт.Силер ушундай мамиле менен кыргыз эстрадасынын денгээлин тушуруп жатпайсынарбы...
07.12.2017. 19:17
 kilim
Болбойт да мындай ыр
07.12.2017. 20:05
 Kuandyk.konj
Сонун эле ыр болуп туратго, кайсыл жери жаман, сонун алгаа Нурлан Асель
08.12.2017. 18:14
 AkylAinura
Админ текстин жуктоп койгулачы сураныч
08.12.2017. 19:33
 Ma9
болбойт уга турган ыр эмес
11.12.2017. 09:27
 Usow
Вобще начар болуптур
18.12.2017. 04:32
 Djka
Kareilerdi Turai elek Siler ele kaldynar ele Nurlan Exo Boloiun degen go Asel 4yiyldap Kalyptyr go taaaaza bawka tarmaktardan ele synasan bolmok eken ozundu chyiyldabai
29.12.2017. 14:58
 ranaldo98kg
Соон ыр болуптур
05.01.2018. 06:27
 melek1
Ала-Тоо аянтында жаны жылда ырдаган ырын жуктоп койунуздарчы сураныч
23.04.2018. 19:22
 Nurzhigit10
Аселден башка уну жакшыраак ырчы аткарса сонун болмок экен,уну туура келбей калыптыр.
19.05.2018. 19:52
 Tolik02
Минусовкасын чыгарып койгулачы
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо