Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Ильяс Кудретов "Өмүр, ай"
03:24
2,35 Мб
Жүктөлгөн: 18-12-2017
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.92/5
(12 добуш)
Биздин башка эмне келип кетпеген?
Эң башкысы амандыкка жетпеген.
Кайда жүрбө, кандай күнгө кабылба,
Досум, кайгырба, тагдырга.

Кайырма:
Өмүр, өмүр, өмүр, ай,
Оорубасын көңүл, ай.
Беш күндүк бул дүйнөдө,
Өкүнбөгүн, досум, ай.

Кыянат кылба тагдырыңда не бар билбейсиң,
Бой көтөрбө сен өлүм үчүн бирдейсиң.
Түбөлүк жашоо болбос, досум, ойлон ушул дүйнөдөн,
Даяр бол, балким, эртең биз да кетербиз.

Кайырма:
Өмүр, өмүр, өмүр, ай,
Оорубасын көңүл, ай.
Беш күндүк бул дүйнөдө,
Өкүнбөгүн, досум, ай.

Өмүр, өмүр, өмүр, ай,
Оорубасын көңүл, ай.
Жалган жашоо дүйнөдө,
Жаңылбагын, досум, ай.

Алтын башың аманда,
Шүгүр кылгын кайгырба.
Кайда жүрбө, кай жерде,
Тагдырыңа таарынба.
Кээде өйдө, кээде жай,
Жашоо деген ушундай.
Өмүр өтүп баратканын,
Сезбейбиз го байкабай.

Кайырма:

Комментарийлер (11)

18.01.2018. 09:56
 Villi91
Клибин дагы жуктоп койгулачы?
23.01.2018. 21:21
 barcafan
Сонун чыгарма
23.01.2018. 22:02
 nishantashmativa
Укмуш ыр мага жакты
24.01.2018. 01:52
 aika.ainur1992
Аябай жакшы чыгыптыр. Ачыгын айтсам, клибин коруп ыйладым. Ишине ийгилик!!!Модератор admin_media түзөттү 2018-01-24 09:25:13
27.01.2018. 01:24
 Miji2
ото соонун унуно береке садагасы клип да жарашыктуу
01.02.2018. 13:18
 Zhazaiym
Өтө маанилуу ыр мага жакты
01.02.2018. 20:45
 Elnuram090
текстин жазып койгулачы Админ сураныч
04.02.2018. 15:30
 Albinaaidemi
Соонун эң сонун
18.02.2018. 15:58
 ArGeN4iK
Соннун чыгарма клиби да соннун
11.03.2018. 02:17
 AlibaevO
Жылдын мыкты ыры бали Ильяс Байке
11.04.2018. 10:03
 Djka
Super info uwul yrchyga jyldyn mykty super yrchysy naamyn berbeisinerbi kaidagy chacha pacha dep maanisi jok yrlardy yrdagan yrchylarga berbei Azamatsyz Ili9s Baike iwinizge igilik uwul yrynyzdyn Klibi da jakwy chykkan korgon saiyn negedir kozdon jaw chygat kaira kaira korsom dele dagyda bolso el kyzmatynda myndan da otkon eldin jurogun eljiretken yrlardy jarata beriniz
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо