Чыңгыз Турдубеков "Жөнөкөйүм"
02:40
6,14 Мб
Жүктөлгөн: 29-01-2018
Жанр: Поп
Сөзү:Сонунбүбү Жусубалиеваныкы
Обону:Калмурат Рыскуловдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.50/5
(4 добуш)
Опаасыз өткөн күндөр бир өзүңдө,
Оболоп күүгө келип көмөкөйүм.
Оролуп ойлорумдун тирөөчүнө,
Ойготтуң сезимимди, жөнөкөйүм.
Эй, жөнөкөйүм, ой, жөнөкөйүм,
Ойготтуң сезимимди, жөнөкөйүм.

Жүрөгүм бүлүктөнбөй бейкуттанып,
Жүргөндө махабаттан ыраакталып.
Жолугуп мен өзүңө калдым капыс,
Кылгырган көздөрүңө кынапталып.
Эй, жөнөкөйүм, ой, жөнөкөйүм,
Кылгырган көздөрүңө кынапталып.

Баам салып алдыртадан бир өзүңө,
Баа бердим жөнөкөйлүк мүнөзүңө.
Таптым деп кыялдагы адамымды,
Таалайдын гүлү өңдүү жүрөгүмө.
Эй, жөнөкөйүм, ой, жөнөкөйүм,
Таалайдын гүлү өңдүү жүрөгүмө.

Комментарийлер (1)

29.01.2018. 18:21
 Aman-moskva
Чынгыз жакшы ырларды чыгарат эле бирок бул ыры окшошпой калыптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо