Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
03:58
9,09 Мб
Жүктөлгөн: 26-03-2018
Жанр: Поп
Көчүрүү
Тиричилик деп балам,
Энеңди таштап койдуң.
Өмүрүн жеп, балам,
Көзүн жаштап койдуң.
Үйдөн кеткен күнүңдөн,
Көз жашыбыз көл болду.
Жерге кирсин көр оокат,
Жаныбызга кел болду.
Кайырма:
Кайт үйүңө, кайт, балам,
Дартың болсо айт, балам.
Жарым саат болсо да,
Жан жагымда жат, балам.
Жарым саат болсо да,
Жан жагымда жат, балам.
Көз жашыма агыла,
Чөгүп кетпесем экен.
Келгичекти жаныма,
Өлүп кетпесем экен.
Тирүүбүздө бир келип,
Жүз көрүшүп кал, балам.
Колуң менен кепиндеп,
Топурагың сал, балам.
Кайырма:
Мени байлап койбогон,
Жер адамга тойбогон.
Адам барбы дүйнөдө?
Жаны таслим болбогон.
Адам барбы дүйнөдө?
Жаны таслим болбогон...
Мынтип жүрсөң энеңдин,
Дидарыңды көрбөйсүң,
Сөөгүн энеңдин,
Топуракка көмбөйсүң.
Кечикпестен кел, балам,
Өң-түсүңдү көрөйүн.
Кысып жатып боорума,
Ошол бойдон өлөйүн.
Кайт үйүңө кайт, балам,
Дартың болсо айт, балам.
Жарым саат болсо да,
Жан жагымда жат, балам.
Жарым саат болсо да,
Жан жагымда жат, балам...
Комментарийлер (25)