Айдана Дека "Жигитке"
03:12
5,14 Мб
Жүктөлгөн: 16-04-2018
Жанр: Поп
Сөзү:Бегиштики
Обону:Амир Аскаровдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.17/5
(6 добуш)
Менин колдорумду түбөлүк сен кармап жүр,
Койчу чекиттерди, калтырбай бир да үтүр.
Тагдырымдын түгөнбөгөн сырын сен менен,
Көрүшүп, бөлүшүп жүргүм келет дайым.

Кайырма:
Сүйөмүн сени асыл көрөм баарынан,
Сүйөмүн сени, алыс болсоң сагынам.
Сүйөмүн сени дайым болуп жаныңда,
Балына малынам, сенде көңүл жолу.

Жакындап тартылам жайылган кучагыңа,
Сен үчүн гүлдөймүн сүйүүнүн бутагында.
Алыстагым келбей сенден бир да мүнөткө,
Өзүңсүз бир күн өтпөйт, жалгыз жансың жүрөктө,

Кайырма:

Сөзү менен кылган иши дайым төп келишкен,
Билем аны менен жетем дайым көп жеңишке.
Мен ыраазымын кудайым мага жолуктурганына,
Даярмын ал үчүн өмүрүмдүн баарын беришке.
Менин баатырым менин ишеничим ал жигит,
Тилегеним өмүр бою мени менен кал жигит.
Сырларыңды терең катам, түгөй кылып ал жигит,
Ойлонбостон түн киргенде каалаганда чал жигит.

Кайырма:

Комментарийлер (9)

16.04.2018. 21:23
 nursultan07
Чыгармачылык ийгилик каалайм хит ыр
16.04.2018. 23:30
 baetov
Ушул да ырбы кичине ырдын сөзүнө, маани-маңызына карап чыгаргыла, чыгармачылыкта өзүңөрдү көргөзгөнү чыкпай.
17.04.2018. 02:57
 Burulka97
Ушул ырды кутуп журдум эле
17.04.2018. 19:01
 maks94.kb
Ойлонбостон түн киргенде каалаганда чал жигит. Кааласан баса кал жигит дегендей эле болуптур бул жагы Анжеликанын Кызы ырдаган ырга окшош болуптур
17.04.2018. 20:05
 Altynmerim
Мынча маанисиз
17.04.2018. 21:50
 aitowa11
Такыр түшүнө албадым маанисине уккулуктуу эмес
18.04.2018. 10:36
 Arhideia
Нурбек Шамуратовдун бийле деген ырын киргизип койгулачы
19.04.2018. 19:22
 Mers124
Ушул ырды кутуп журдум эле дегенди укканда тутоп кетем да.
22.04.2018. 13:02
 Rezhapov
Башта жакшы ырдачуу эле бул кыз, акыркы ырлары тушунуксуз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо