Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
03:11
5,12 Мб
Жүктөлгөн: 15-10-2018
"Акшоола" сериалынын саундтреги
Жанр: Поп
Сөзү:Жыпара Исабаеваныкы
Обону:Бакыт Сейталиевдики
Көчүрүү
Жан дүйнөмдө күнүм бар тийип турган,
Жүрөгүмдө сүйүүм бар сүйүп турган.
Кулагымда сыйкырдуу добушуң бар,
Каным менен айланып жүрүп турган.
Карегимде сүрөтү жашайт анын,
Карайм дагы кайгымды азайтамын.
Алда кайдан агылып келип турган,
Сүйүүсүнөн дилимди тазартамын.
Башкача бир жан дүйнөм эргип анан,
Арууланам, эс алам, сергийм анан.
Жүрөйүн деп мен дагы жүрөгүңдө,
Бүт дүйнөмдү тартуулап бердим анан.
Жүрөйүн деп мен дагы жүрөгүңдө,
Бүт дүйнөмдү тартуулап бердим анан.
Комментарийлер (20)