Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Асель Кадырбекова, Нурлан Насип "Ырдалып бүтпөйт махабат"
03:49
6,14 Мб
Жүктөлгөн: 07-11-2018
Жанр: Поп
Сөзү:Надырбек Алымбековдуку
Обону:Каныкей Эралиеваныкы
Көчүрүү
  • Currently 3.75/5
(8 добуш)
Ыймандан дилиң тазарат,
Ырлардан көңүл жашарат.
Ыр менен жашап түбөлүк,
Ырдалып бүтпөйт махабат.

Арзуудан өмүр жашарат,
Арзуудан жүрөк наз алат.
Армандуу дүйнө кимде жок,
Айтылып бүтпөйт махабат.

Күндө өтүп турса сапар бат,
Күлгүн жаш келбейт катарлап.
Гүл азык болуп өмүргө,
Гүл бойдон калат махабат.

Комментарийлер (23)

07.11.2018. 16:27
 Bat
Чооң рахмат супер, биринчилерден болуп жүктөйбүз. Ишиңиздерге ийгилик.
07.11.2018. 19:16
 Kymbatym
3-куплеп акыркы саптарынан адашып ырдашыптыр гүл азык болуп өмүргө
гүл бойдон калат махабат Асель гүл азык деп болуп болуп өмүргөнү кошпоптур Нурлан гүл бойдон калат махабат дебестен 2-куплеттин акыркы сабына кетип калды армандуу дүйнө кимде жок,айтылып бүтпөй махабат деп
07.11.2018. 19:50
 Adam90
Нурлан менен Эмилия ырдаганда жакшы чыкмак экен.
07.11.2018. 20:59
 Modric10
Нурлан менен Сайкал ырдаса болмок деп эле...тамаша.сонун эле болуптур. Мага жакты
07.11.2018. 23:21
 mirdas
укса болот
07.11.2018. 23:54
 Tuki110592
Нурлан эле ачыптыр ырды Асель эски ырларга жолобо кокуй бузасын дагы эл билбеген ырларды ырда
08.11.2018. 08:38
 Modric10
Текстердин баш аламан жерлери бар экен
08.11.2018. 10:43
 Meryem77
Нурлан үчүн эле көчүрдүм Асел аман эле болсун
08.11.2018. 11:03
 Nurlanchik
тексстин жазып койгула ушунча болуп калды бир ырдап коёлу
08.11.2018. 13:26
 esenbaev0903
Асел эженин үнү бир жакшына эле болуп турат мына көрө албай жаткандар ошол денгелге жетип,ашып кетсенер анан сүйлөсөнөр жарашат
08.11.2018. 13:56
 Modric10
Ооба сонун эле
08.11.2018. 14:44
 Mina24
Эл тараза эл сынчы эл ушинтип сын айтып турат кемчиликти анан сынга карап озун кемчилигин ондойт да сындаса эле озун ушу денгелге жет анан суйло деп калган болбойт
09.11.2018. 00:50
 Aina77
Ой кокууууй Асел унун Гана ушинтип Нурландын хит Боло турган ырын ИТ эле кылыпсын го.Жолобой эле койчу Эски ырларга.
10.11.2018. 00:52
 Bakytjanbekk
Кыздардын го ичи куйгонунон ар кандай жаман ой пикирлерин калтырып жатат. Мырзаларга эмне жок дейм да
12.11.2018. 23:52
 rysik79
Сооооопсооонун экооо тен зынк!!!
15.11.2018. 01:30
 Umersam
Мага жакты +5
15.11.2018. 15:19
 hello.kg
Молодцы,экооно куп эле жарашып турат ырынар.Бактылуу болгула.
18.11.2018. 22:51
 Solnyshkin
Asel fonogrammasyz ushu yrdy yrdai alat boldu beken? Nurlandyn ele unu ugulat go. Eski yrlarga tiyishpei ele koigulachy chyn ele, ancha okshoshpoi kalyptyr.
09.12.2018. 18:39
 obon
Нурлан Насиптин Жаштык деген ырын кошуп коюнуздарчы админ
20.12.2018. 19:20
 xperia_kg
Аселге ичинер куйсо туз жалагыла. Андай ич куйдулук кылбагыла. Алла насип кылган экен турмуш курушту, не анчалык ичинер куйот. Жакпаса укпагыла, эч кыйынчылыгы жок.
21.12.2018. 01:41
 iman16
Классика, Кадыралы Артыков жана Каныкей Эралиева ырдаганга жетпейт го дейм. Ушул ыр абдан жагат негизи.
15.01.2019. 23:54
 Zotova
Админ сураныч, сөзүн жүктөп коёсузбу
12.02.2019. 02:15
 Akylbek94
Урмат менен Неля да бир эски ырды ырдап чыгышкан экенго сонун кылып кайсыл эле ошол?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо