Иса Өмүркулов, Малика Дина "Дил кайрык"
04:50
11,1 Мб
Жүктөлгөн: 25-01-2019
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 0.00/5
(0 добуш)
Сага арнап жакшы ыр жазгым келип жүрөт,
Санаага, сагынычка батып жүрөк.
Жүзүмдөй мөлтүрөгөн жароокерим,
Жүзөөгө ашар бекен аруу тилек?

Толкуса көңүлүңүз мени самап,
Тор жайган балыкчыдай көлдү карап.
Токтоосуз чалынсам дейм торуңузга,
Мен болуп сиз эңсеген, мен болуп сиз эңсеген алтын чабак.

Өмүрдүн өтчү кези өткөн кезде,
Өткүрлүк өз айылынан көчкөн кезде.
Өзөккө чок таштадың өчпөй турган,
Өрүкзар гүлүн күбүп төккөн кезде.

Армандын ачуу даамын ким татпаган?
Ашыктык алоосуна ким батпаган?
Айыкпас оору болду таппай жүрөк,
Сиз берген жылуулукту мен башкадан.

Арбалып ай жүзүңө алда качан,
Айрылбай элесиңден турсам-бассам.
Тушалган туткун болдум бир өзүңө,
Айперим чыгарып ал боор оорусаң.

Жоодурай карап коюп бирибизге,
Жол таппай жүрүптүрбүз дилибизде.
Ак сүйүү нурун чачты мына бүгүн,
Жашыбыз тоскоол болбойт эми бизге.

Комментарийлер (6)

27.01.2019. 17:00
 KUBAT.466885
Жөн эле койсоңор болмок
27.01.2019. 19:15
 mery.89
Иса тим эле ррррррр деп ырдаптырго.иши кылып жакшы чыкпаптыр..
28.01.2019. 11:56
 suranam
Сонун ырды бузуптурсунар! Силерге караганда мен жакшы ырдайт экенмин.))) деп мактанып коет экенда))) чын ай
28.01.2019. 15:24
 ere
болбоду бу сапар
03.02.2019. 23:27
 K.peri96
Uyatynar jok eken bul yr silerge jarabait
05.02.2019. 00:59
 Sprite
Кыйналып ырдап,уккан адамды да кыйнап жиберетго,такалып такалып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо