Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Аскат Мусабеков "Мага жагат"
03:39
3,35 Мб
Жүктөлгөн: 28-01-2019
Сөзү: Нуркан Койчуманованыкы
Обону:Жакшылык Ынтымак уулунуку
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(1 добуш)
Толгонайдай жарык нур бар көзүңдө
Касиет бар кубат берген сөзүңдө
Бул өмүрдүн кемчилигин, кемчилигин толуктап
Мен издеген асылдык бар өзүңдө

Кайырма:
Пейилиңдин кенендиги марттыгы
Жан дүйнөңдүн байлыгы да, актыгы
Теңир сенден аябаган эч нерсе
Мага жагат сабырыңдын, сабырыңдын сактыгы

Элим десе жанын үрөп элирген
Жерим десе делбиримдей делбирген
Кайда жүрбө кандай күндө, кандай күндө болбогуң
Амандыгың тилеп келем жан биргем

Кайырма:

Ар намыстуу, улутчул да жан келет
Актык үчүн ойлонбостон жан берет
Курманжандай ар-намыска, ар-намыска төрөлгөн
Сендей айым кылымдарга бир келет

Кайырма:


Комментарийлер (4)

29.01.2019. 08:09
 Nursultan.m.n
Ушундай музыкаларга кээде алып барат...)
29.01.2019. 12:21
 taalay89
Сонун ыр экен
02.02.2019. 02:53
 Oliver
Жакшы ырдаптыр дагы да болсо жүктөп койгулачы.
14.03.2020. 22:47
 Peri.jan
Тексттин жазып койсонуз го сураныч админ
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо