Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Неля "Бала жыты"
03:48
8,73 Мб
Жүктөлгөн: 09-04-2019
Жанр: Поп
Сөзү:С. Абдыкадырованыкы
Обону:К. Эралиеваныкы
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(2 добуш)
Тоо гүлүндөй жытыңдан тегеренем,
Чарк айланып бала үчүн эбеленем.
Отко, сууга канаты кайрылса да,
Түтөт тура баарына эне деген.

Кайырма:
Кумарланам ансайын,
Кумарланам ансайын,
Жытынан искеп, жытынан искеп,
Садагам деп айдайым,
Садагам деп күндөйүм,
Апакең алкап.

Ак сүйүүдөн жаралган наристеби?
Аппак ууздай таптаза периштеби?
Бала деген жүрөктү толгоп турган,
Кандай ыйык ал сезим деги ичтеги?!

Кайырма:

Мен эненин бир эрке баласы элем,
Өтөт тура зуулдап өмүр деген.
Мына бүгүн мен өзүм эне болуп,
Эзилишип отурам балам менен.

Кайырма:

Комментарийлер (3)

09.04.2019. 19:05
 Modric10
Мага жакты
09.04.2019. 19:08
 Modric10
Администрация. сиздерден сураныч Гулжигит Сатыбековдун апамдын ыры деген чыгармасын киргизип койгулачы
12.09.2019. 12:23
 Baktyluu_bolgum_kelet
Дагы ким ырдайт эле ушул ырды? Бул эжем анча ийинине жеткире албаптыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо