Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Төлөгөн Мамыров "Жубайыма"
03:17
7,8 Мб
Жүктөлгөн: 27-11-2019
Сөзү:Т.Эрматовдуку
Обону:Т.Мамыровдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.50/5
(2 добуш)
Жубайыңа жумшаксың деп досторум,
Сөз кылышат, мен ал сөздөн коркподум.
Өз аялым, жумшак болсом эмне экен?
Жумшак эмес, мерездиктен коркомун.

Аялым да, демек мага аманат,
Аманатка кылчу беле кыянат.
Ал да айдай, күндөй кызы бирөөнүн,
Ким өз кызын жамандыкка кыя алат?

Керек болсо, мындан дагы жумшарам,
Эң бир бийик, эң бир асыл бул кадам.
Жубайымдын жылмаюусу мен үчүн,
Эң бир кымбат, сен да ошент суранам.

Кара, сага кандай аяш бакырат?
Себеби эмне? ойлоп көрчү жакшылап.
Себеби сен, аялыңа мерезсиң,
Эркекмин деп, көкүрөктү каккылап.

Аялыңа, кол көтөрүп эрдемсип,
Эркекмин деп, мерез болгон тентектик.
Аялыңа сый мамиле, жумшактык,
Мына ушул, ушул накта эркектик.

Аялды сен не максатта аласың?
Аял сага бала төрөп, атасың.
Аял баркын түшүнбөгөн адамдар,
Жөн эле бир ойлоп көрсүн апасын.

Комментарийлер (4)

27.11.2019. 14:23
 Edsariet.09.11
Сонун ыр болуптур азаматсын.
28.11.2019. 13:37
 jumai7984
Абдан сонун ыр экен .Клип да маанисине шайкеш келген. Азаматсың Төлөгөн. Чыгармачылыгыңа ийгилик! Бул ыр үй-бүлөлүк гимн болот деп ойлойм
29.11.2019. 03:17
 Tamara.99
Оа чындыгында ото соонун чыгыптыр азаматсыз унунузго береке.
09.12.2019. 19:47
 Rahim_80
Сөзү да обону да жакшы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо