Нэна "Таарынтпайм сени экинчи"
04:00
3,66 Мб
Жүктөлгөн: 24-12-2019
Жанр: Поп
Сөзү:Жыпара Исабаеваныкы
Обону:Токтобек Асаналиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(1 добуш)
Кымбатым менин!
Кыйноого салсам кечирчи?
Кылгырып көзүң,
“Кыйбасым, жаным!”- десинчи?
Кылчактап араң
узадым сенин жаныңдан,
Карап тур эми,
таарынтпайм сени экинчи!

Таптаттуум менин!
Таарынтып койсом кечирчи?
Түшүмө кирди,
Тунжурай түшкөн кезиңчи...
Таң атпай, узак
болду окшойт ушул түн дагы,
Таптакыр эми
таарынтпайм сени экинчи!

Сагынчым менин!
Санаага салсам кечирчи?
Саналуу кеткен
Элесиң жанды эзилтти.
Эркелеп, сүйүп,
жытыңды келди жыттагым,
Жыргалым эми
таарынтпайм сени экинчи!

Комментарийлер (0)

Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо