Мурадил Данияров "Болбой эле"
03:19
7,62 Мб
Жүктөлгөн: 22-01-2020
Жанр: Поп
Сөзү:Урмат Усеновдуку
Обону:Урмат Усеновдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.67/5
(3 добуш)
Кайырма:
Билем, сөз жок чүрөксүң,
Тынчын алба жүрөктүн,
Таштап кетчи, тандап жетчи,
Махабат мүрөгүн.

Билем, сөз жок сулуусуң,
Сулуулугуң курусун,
Байкап көрчү, балдап өпчү,
Менден бир дурусун.

Болбой эле кадаламын,
Баш айланып ыр жазамын,
Магдыраткан махабатка,
Өзүң болдуң жан мазагым.

Тоңбой эле жазыламын,
Тоголонуп ачыламын,
Тоо карагат көздөрүңө,
Чабак уруп чачыламын.

Кайырма:

Качпай эле жабышамын,
Карек издеп табышамын.
Каш, көз, чач, кирпиктериңе,
Чаң жугузбайм ханышамдын.

Соолбой эле чачырадым,
Соо койбодуң, жан чырагым.
Жанчып тепсеп, тебелеген,
Балким, өзүң менин бактым.

Комментарийлер (1)

23.01.2020. 00:40
 Aika-87.87.
Жаман ырдаганы жакты ийгилик ОЗУ да жылдыздуу бала голос деп ушуну айтса жарашат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо