Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
КЕҢЕШ тобу "Жан кызым"
03:21
3,07 Мб
Жүктөлгөн: 15-06-2020
Жанр: Поп
Сөзү:Б.Карыбековдуку
Обону:М.Мамбетовдуку
Көчүрүү
  • Currently 0.00/5
(0 добуш)
Алгачкы кадам, тай-тайлап баскан,
Эсимде Ай кызым.
"Ата"-деп алгач тилинден сенин,
Бакытка балкыдым
Ак тилек менен бешике бөлөп,
Алдейлеп, Ай кызым.
"Апа"-деп айткан, тилиңден сенин,
Бакытка балкыдым.

Убакыт учуп, узатып турам,
Уяңдан Ай кызым.
Урматта кайын журтуңду сыйлап,
Ак жолуң ачылсын.
Ажарлуу келин, мээримдүү эне,
Атына татыган.
Ардакта кайын журтуңду сыйлап,
Аман бол, Ай кызым.

Байлыкка эмес, батага толсун,
Көшөгөң Ай кызым.
Батамды берип узатып жатам,
Бактылуу бол кызым,
Ийменип кайын атаңа дайым,
Алкышын ал кызым.
Ийилип кайын энеңе дайым,
Батасын ал кызым.

Карааным менин, карегим демим,
Канатым Ай кызым.
Колумдан сени учуруп жатам,
Куш кылып Ай кызым.
Кыялкеч бала,балапан канат,
Эркелең Ай кызым.
Өксүбөй дайым ырыскың толуп,
Бактылуу бол кызым!
Өмүрдүн отун өчүрбөй улар
Өзүңсүң Ай кызым.
Өксүбөй дайым, ырыскың толуп,
Бактылуу бол кызым!

Комментарийлер (1)

15.06.2020. 21:45
 Alixan-Nookat.2015
Сонун чыгыптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо