Айганыш Абдиева "Жүрөгүңүздө ким бар?"
02:58
2,74 Мб
Жүктөлгөн: 13-01-2021

Чыгарма Зарлык Камбаралиев менен биргеликте аткарылган
Жанр: Поп
Сөзү:Зарлык Камбаралиевдики
Обону:Зарлык Камбаралиевдики
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(1 добуш)
Билбейм муну сүйүү дейби сезим дейби
Ашыктыгым көздөрүмдөн билинбейби
Сүйөрүмдү айтсам сиздин жүрөгүңуз
Четке кагып бүт айламды кетирбейби

Бар...Сезимдер ар кандай
Калганбы байкалбай
Жүрсөңүз айта албай

Күлгөнүңүздө күн бар,
Карегиңизде түн бар.
Үндөсөм ачпай койду
Жүрөгүңүздө ким бар?.

Чертилбей сүйүү кылдар
Кезексиз өттү жылдар
Ачылар бир күн деген
Жүрөгүмдө миң сыр бар

Жүрөгүмө жашыруун сөз катып койгом
Сезимдерди сактайын деп тунук бойдон
Кайдан билем жандырмагы сизге буйруп
Маңдайыма балким сизди жазып койгон

Айт,айтыныз жашырбай
Сан ойго батырбай
Калбасын ачылбай

Комментарийлер (3)

13.01.2021. 16:48
 mederbekovna03
jagat uwu Aiganyw
15.01.2021. 04:03
 Kyrgyz_bloger
Айганыштын уну жакшы бирок мага дуеттер анча жага бербейт.
19.01.2021. 20:56
 saparu
Зарлык таланттуу жигит экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо