03:06
2,85 Мб
Жүктөлгөн: 04-03-2021
Жанр: Поп
Сөзү:Жыргал Жусупованыкы
Обону:Эрлан Андашевдики
Көчүрүү
Биз олтурган гүл бакта, эй,
Сүйүү чексиз нур чачкан.
Сезимдерге оролгонсуйт,
Сени менен гүл бакчам.
Сага болгон ак сүйүүмдү,
Арнасам сен уялсаң,
Ал ансайын сүйүүм артып,
Бир өзүңө тартылам.
Кайырма:
Сүйөмүн десем уяласың го,
Сүйкүмдүү карап, бураласың го,
Сыздатып жанды суналасың го, жаным.
Сүйөмүн десем уяласың го,
Уяңкы күлүп, жылмаясың го.
Бир согор эми биздеги жүрөк, жаным.
Биз табышкан гүл бактан, эй,
Сүйүү өнүп, гүл ачкан.
Сүйдүрүп сен өзүңдү, ий,
Сүйүү таптың ал бактан.
Адашышкан жүрөктөр, эй,
Бир-бирине суусаган.
Кезигишет мен ишенем,
Сүйүү табат гүл бактан.
Комментарийлер (5)