Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
03:18
2,28 Мб
Жүктөлгөн: 24-03-2009
Сөзү:К. Качкынбаеваныкы
Обону:Н. Хасановдуку
Көчүрүү
Киндигимдин жаш каны,
Тамган жерим - айылым.
Балалыктын издери,
Калган жерим - айылым.
Боз ала чаң көчөңдүн,
Боз чымчыгын сагындым.
Чүкө ойноп өкчөгөн,
Чүрпөң болом, айылым.
Бар жашоонун башаты,
Баркың билдим, айылым.
Эрке уулуң кечиргин,
Эгер болсо айыбым.
Ааламга жол өзүңдөн,
Башталат го, айылым.
Канатын кагып жашоонун,
Калкып барат кайыгым.
Торгой сайрап үн салган,
Тоском аппак таңыңды.
Топурагың алтындан,
Тоонун желин сагындым.
Балалыктын бактысы,
Баары сенде, айылым.
Бата тилейм өзүңө,
Өчпөсө экен жарыгың.
Балалыктын сүйүүсү,
Сенде калган, айылым.
Комментарийлер (26)