Саламат Садыкова "Кыргыз жери"
03:36
3,31 Мб
Жүктөлгөн: 13-01-2011
Сөзү:Т. Байзаковдуку
Обону:А. Жайнаковдуку
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(10 добуш)
Ала-Тоо ак калпагын кийген кезде,
Аскасы көк асманга тийген кезде.
Мен дагы жолго чыгам таңды тосо,
Кучактайм ой-кырларын нурга кошо.
Улуусуң, кыргыз жери, нурдан бүткөн,
Сулуусуң, кыргыз жери, ырдан бүткөн.

Ысык-Көл жердин көркү, кырлар кашы,
Адырлар көкүрөгү, токой чачы.
Дайралар кан тамыры, чоку таажы,
Седеби, топчулары, ар бир ташы.
Кең жүздүү, гүл денелүү кыргыз жери,
Күн жүздүү, берекелүү кыргыз жери.

Жылдыздар көк бетинен өчкөн кезде,
Жарык нур жер жамалын өпкөн кезде.
Көл чалкып, тоолор койнун ачкан кезде,
Дил жаркып, таң күлкүсүн чачкан кезде.
Көркүңө көрк кошулат, кыргыз жери,
Сезилет ата-энелик мээримдери.

Комментарийлер (19)

15.01.2011. 15:44
 tago
Айылда жургон кундорумду эстеп кеттим. Бул ырды Саламат эженин аткаруусунда гана элестете алам.
23.01.2011. 01:28
 kumtel
ыр эмес бекен...
азаматсыз Саламат эже!!!!
26.01.2011. 10:19
 Aipowkamilawka
Жакшы кором бул ырды!
22.06.2011. 22:01
 baibolot71
Бул ырды укканда айылда эртен менен эрте чоп чапканы турган кезим эске келет.Ошон учун бул ырды жакшы кором.
08.09.2011. 15:46
 RIELTOR
Кыргыз жеринин сулуулугун,жаратылышынын кооздугун ачып корсоткон! Эн сонун! Башка соз жок!
16.09.2011. 18:59
 dos
Кыргыз жеринин кадырлуу барктуу, кооз экенин ушул ыры менен гана ийине жеткире тушундуро алган.
17.09.2011. 15:34
 Diamond9292
Хорошая песня... Песня моего детства... :)
06.11.2011. 20:00
 nursulu
Ушул ырды мен коптон бери издеп жургомун...аябай сонун ыр..Кыргыз элинин эн сонун ыры деп айтсак болот...бул ырды Саламат эжебиз гана жакшы ырдайт...
26.11.2011. 17:05
 nurgula
мен Талгат 11жаштамын Саламат эжеге чон ыраазычылык!
14.12.2011. 23:28
 Samalisha
Эн жакшы коргон ырым :) Балалык кезимди, мектепте хор менен ырдага учурларды эске тушуруп, эн кучтуу патриоттук сезимди ойготуучу мыкты ыр! Рахмат сизге, Саламат эжеке!
16.04.2012. 15:42
 kgro
ох, көптөн бери издеп жүрдүм эле, супер сага рахмат
25.08.2012. 19:42
 kanjar
Мне нравится свое детство споминаю. По радио каждое утро когда меня в садик возили слышал.
01.12.2012. 12:10
 aybekerlan
Мисалы мен жалан Мекенибизди даназалаган,туулган жер,шаарым деген сыяктуу ырларды кочургум келет.Эгер мумкунчулук болсо, туура корсонуз мен сунуштагандан да жакшы вариантын жасаарсыздар.Рахмат
21.03.2013. 21:26
 Timur80.kg
Ото маныздуу ыр, Кыргыздын ГИМНи кылса болотурган ыр, автору обончусу аткаруучусуна баарына чоон ыраазычылык, мин таазим
26.01.2014 19:43
step_by_step
Timur80.kg, Muzykasyn jazgan Appaz Jainakovgo,tekstin jazgan Tumonbai Baizakovgo yraazybyz,kandai gana keremet yr,KR nyn ekin4i gimni , GIMNge tatyktuu bul yr.
19.06.2013. 15:56
 mamatkerim
Саламат эженин ак тилек беле темасы ошол ырын жуктоп койгулачы сураныч же туура атын билсенер айтып койгула ар уйдо ак сакалдуу кары болсо деген
29.04.2014. 01:24
 aidin8625
гимн боло албайт,бирок ырдын мазмуну ото жакшы жана жакшы ырдаган Саламат эжебиз.
28.05.2016. 14:13
 abde-7082
Саламат эжебиз Эн жакшы ырдайт азаматсыз эже!!!!
01.01.2021. 19:37
 Fermer49
Мен үчүн бул ыр ыйык,себеби бул ырды укканымда кандайдыр бир энергия аламын,Саламат эже сизге терең ыраазычылык билдиремин!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо