Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Таалай Бектурганов "Сагыныч"
03:15
2,99 Мб
Жүктөлгөн: 20-01-2011
Көчүрүү
  • Currently 4.47/5
(34 добуш)
Балбылдап жанган чырагым элең,
Жанымдай көргөн ынагым элең,
Алыста жүрсөм, таштап сен кеттиң,
Ардагым менин туруксуз белең.

Кайырма:
Азыр да ойдо элесиң турат,
Сагыныч отун өзүңө бурат,
Эстесем өткөн күндөрдү,
Көзүмөн жашым агат, куюлат.

Андан бери күндөр өттү уланып,
А мен болсо жүрөм сени сагынып,
Жүрөгүм сыздап кетет сени ойлосом,
Унутпай эстей жүргүн мени дагы.

Кайырма:

Сүйгөнүм, мен тагдырга таарынбаймын,
Сүйбөсөң – сүйчү деп жалынбаймын,
Күтөмүн, күтө берем махабатым,
Сүйгөнмүн, сүйчү элем сени дагы.

Кайырма:

Комментарийлер (21)

22.01.2011. 21:28
 Rayana
Abdan sonun yr!
26.01.2011. 18:16
 Akjolchik
Сени менен 100% макулмун!!!
28.01.2011. 16:58
 gulbarchin
soz jok sonun ir en jakkan irlardin biri
10.04.2011. 00:27
 Juma5
Азыр да ойдо элесин турат Сагыныч отун озуно бурат!!!
30.07.2011. 23:25
 belerafon007
Кыргыздын Виктор Цою го
22.10.2011. 13:56
 smbek
super da super !
23.11.2011. 16:59
 kerbenboy
Тура айтасын кыргыздын Виктор Цою
29.12.2011. 01:46
 saliha
ayabay sonun yr boluptur
02.01.2012. 06:23
 helena.kg
Абдан соонун ыр, мага аябай жагат.
19.03.2012. 02:57
 AKULINA24
бул ырды уксам журогум ооруйт
24.08.2012. 05:51
 arsenii
,Сүйгөнүм, мен тагдырга таарынбаймын,
Сүйбөсөң – сүйчү деп жалынбаймын,
Таалай кыргыздарда бир чыкты.
03.04.2013. 12:45
 Samara12
Мага да жагат, жанысын Чынгыз деген бала ырдайт экенго ал абдан сонун экен
17.01.2014. 19:02
 saryanti
супеер
14.02.2014. 13:30
 aiza1979
superdin superi!
17.07.2014. 02:56
 azamat4ik
кандай керемет чыгарма эх Талайбек аке арабызда болгондо мындай ырлардын далайын жаратмак жаныныз жаннаттан болсун
29.10.2014. 12:06
 Ayimay
тажабай кундо укчу ырлар, атын айтканга тилим келбеген кезимде угуп баштагам ) Оордун толуктап кеткен ырчы жок жана болбойт дагы!
22.05.2015. 22:33
 nurkalyi89
Дагы бир ыры жетишпей жатат
30.08.2016. 00:45
 janysh91
Карындашым деген ырында жуктоп койунуздарчы суранам
02.11.2016. 15:46
 Alymov312
Эх сонун ыр ...
12.08.2017. 20:58
 akyl8819
Урматтуу Админ! Ушул ырдын жаны вариантын жуктоп коесуздарьбы Улан Осмон улуунун аткаруусунда. Рахмат
07.09.2017. 17:42
 Елдияр
Урматтуу Супер-Инфо, Улан Осмон уулунун вариантын жүктөп коусуздарбы, рахмат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо