МАКСАТ- БАТКЕН тобу "Сенсиз, жаным"
03:44
3,43 Мб
Жүктөлгөн: 25-01-2011
Көчүрүү
  • Currently 4.18/5
(17 добуш)
Сенсиз жаным,
Менин өмүрлүк жарым.
Жашоонун кызыгы жок бул дүйнөдө,
Сүйүү шооласын мага чачып турган.
Күн болуп бир өзүңсүң, сен гана,
Сенсиз жаным,
Менин өмүрлүк жарым.
Мынчалык бакыт болбос үй-бүлөдө,
Жашайсың чоң күч-кубат берип мага.

Кайырма:
Тилегеним экөөбүздүн ак сүйүүбүз,
Жашай берсе деп кылымдарга.
Сүйүү гүлүн, бүт өмүрүм,
Арнаймын мен бир сага.

Кайсы жерде жүрсөм да оюм сенде,
Жүрөгүм кумарланат сага тартып.
Көргөнчө шашыламын көз алдыма,
Элестеп жүзүң аппак, татына.
Кайсы жерде жүрсөм да оюм сенде,
Өзүңө күндөн-күнгө сүйүүм артып,
Айтарлык ыраазымын мен бактыма.

Кайырма:

Комментарийлер (49)

14.05.2011. 12:54
 santos999
ностальжи..
18.05.2011. 16:03
 toga
менин жездем болот туугандар максат баткен!!!
сагынбек молдоев.!рустам абдрахманов.!алай абубакиров.makitze@mfil.ru/баха баткен
07.11.2011. 00:59
 paaatriot
Атына Баткенди кошконунун себеби ошол кезде Максат Бишкек деген дагы бири бар эле. А так башка маселе жок!
12.12.2011. 11:54
 montar
kimle bul
15.01.2012. 18:14
 bala_just
Алга жакшы ыр мага жагатМодератор admin_media түзөттү 2016-02-01 14:28:40
22.01.2012. 18:26
 kubasel
Супер силерге рахмат, ушул ырды жуктогонго!!! Калган ырларын да тапсанар аябай сооп иш кылмаксынар да. Ушул топ жонундо кобуроок маалымат чогулткулачы сураныч?! Ырда соз жок, укмуш! бул ыр менен далайлар чонойгон десем жанылышпаймын.
07.02.2012. 09:22
 Bolo
Сонун ыр. Аябай удачно жасалган. Кезинде супер-хит болчу.Көптөн бери таппай жүрдүм эле. Рахмат жүктөгөндөргө. Дагы бир жакшы ыры бар эле, атын унутуп калдым. Бар болсо жуктөп койсоңор.
06.03.2012. 13:07
 redneksi
aiabai jakty sonun eken
16.04.2012. 00:28
 jakup
молодец
08.06.2012. 09:02
 Ott
максат сулайманкуловдун тобу максат-кербен болсо керек эле. карындаштары зулялар менен ырдачу улак-тартыш чи-ким-ба-рим-бо! деп ))
01.07.2012. 16:57
 temirov
jakwi
10.10.2012. 10:56
 jaina
Тилегеним экөөбүздүн ак сүйүүбүз, Жашай берсе деп кылымдарга... Сонун ыр, жагымдуу!!!
14.10.2012. 10:57
 saule77
Биз жолдошум экообуз жаны уйлонгондо,жолдошума ушул ырды коп ырдап берер элем.Соонун ыр,ушул ырды чыгарган авторго,жуктогон суперге ыраазычылык билдирем.
22.10.2012. 02:17
 ainura220888
Ушул топтун мурунку мучосу Дастан байке менен ресторанда чогу иштеп жургонубуздо ушул ырды кайталап ырдата берет элем.
30.01.2013. 15:47
 zilish_kg
Сайтка МАКСАТ-БАТКЕН тобунун ырларын кантип жуктосом болот?
30.01.2013 15:52
admin_media
zilish_kg,
Саламатсызбы! Сизге купуя аркылуу жооп берилди.
06.04.2013. 15:04
 zhorobekt
Салют
08.04.2013. 19:58
 alik
1994 жылы менин суннот тойумда бул ыр жаны чыккан болчу сонун ыр
20.05.2013. 20:27
 bek7631
Абдан жакшы ыр,жаш кезде коп укчубуз.Дагы бир ыры бар эле"Салфия" деп аталса керек,болсо жүктөп койгулачы сураныч.
28.08.2013. 17:56
 Ali7788
Сонун ыр. Ырдын да мааниси маныздуу азаматсын
19.10.2013. 14:00
 millionaire_kg
Эзилир эле уккум келет
18.11.2013. 01:56
 mirza
Азамат суперчилер! Ушул топтун Ностальгия ырын да жүктөп коюңуздарчы
19.11.2013. 23:48
 o.aza
Дагы бир ыры бар эле атын унутуп турам.тексти
Куш учпаган бийик зоого
Кыз менен жигит качат.

Олумго оздорун таштайт.
Суйуу деген ушундай.
Эки журок бир болуп.
Менин ырымда бутту ай
Коздорум жашка толуп...эгер болсо жуктоп койгулачы сураныч..рахмат
18.03.2014. 00:32
 casio-ctk
Отто журокко жакын ырларды жараткан азаматсынар,суперден сураныч,"аскерге"аттуу ыры болсо жуктоп койуунуздарды суранам.рахмат ийгилик каалайм!!!
18.03.2014 11:40
admin_media
casio-ctk,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
24.06.2015. 21:23
 Aisuluu160790
Бул ыр мага аябай жагат.
01.02.2016. 12:59
 belek16
супер инфо сиздерден сураныч "Сынасам конулумо толосунбу..."деген ырды тексти менен кошо жуктоп кое аласыздарбы сураныч.. ким ырдаарын билбей атам..
01.02.2016 14:32
admin_media
belek16,
Саламатсызбы! Алтынай Нарбаева "Болосуңбу?" www.super.kg/media/audio/77897/
03.02.2016. 11:46
 belek16
супер инфо рахмат..
25.07.2016. 02:56
 Sara7777
аябай сонун ыр
14.06.2018. 01:36
 ADIL_AYDAROV
6 жашарымда уккам ушул ырды
01.12.2018. 01:57
 diar_1113
Сонун кичинемде угат элек касетадан
08.12.2018. 23:14
 Aidinur
Ушул ырды жанылатып ырдашса сонун болмок
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо