Гүлнур Сатылганова "Асман"
04:55
11,29 Мб
Жүктөлгөн: 17-03-2011
Жанр: Поп
Сөзү:Кыялбек Урмамбетов
Обону:Райхан Бейшеналиева
Көчүрүү
  • Currently 4.56/5
(34 добуш)
Эсеби жок бийигиңде жылдыздын,
Эзелтеден мыйзамы бул турмуштун.
Эли жерин көктөн колдоп турганга,
Жылдыз болуп учат жаны кыргыздын.

Кайырма:
Асман, асман жыртылбайсың, сынбайсың,
Арбап көздү бир ордуңан жылбайсың.
Асман, асман кээде булут жамынып,
Адамдардын тардыгына ыйлайсың.

Жалгыз сени эч ким албайт энчилеп,
Жашап келет, ачык асман эл тилеп.
Көз алдыңан канча заман өтсө да,
Көгөрөсүң сыр алдырбай, мелтиреп.

Кайырма:

Асман, асман көөнөрбөйсүң,сынбайсың,
Ай жылдыздар айланса да жылбайсың.
Асман, асман кээде булут жамынып,
Адамдардын тардыгына ыйлайсың...

Түбүң барбы, кимдер ченеп айта алат?
Түгөнбөйсүң түбөлүгүң байкалат.
Кең дүйнөгө батпай жүрүп акыры,
Мен ишенем, жаным сенден жай табат.

Кайырма:
Асман, асман эскирбейсиң сынбайсың,
Ай ааламды алтын күнгө нурдайсың.
Асман, асман кээде булут жамынып,
адамдардын тардыгына ыйлайсың...

Комментарийлер (55)

07.05.2011. 20:56
 bahat
Gulnur EJE AMAN BOLUNUZ!!!!!!! Men sizin but yrlarynyzdy jaktyrm! Bar bolunuz!!!!
21.05.2011. 11:14
 almizat
Аябай бул ыр мага жакты! ))))
24.05.2011. 15:23
 elaman93
озгочо эн сонун ыр
30.05.2011. 14:06
 toktokan
Гулнур эже сиздин ырларынызга таазим...
30.05.2011. 17:34
 SAIKAL90
мага абдан жакты сиздин ырларыныз абдан жагат мага
07.06.2011. 16:12
 mara
Гулнур эже ырларыныз абдаан соонун сиз кыргыздын жана токтогулдун сыймыгысыз биз Токтогулдуктар сиз менен биргебиз
18.06.2011. 00:06
 rosh
Рахмат
22.06.2011. 16:08
 aliya-leyla
абдан сонун ыр экен
18.08.2011. 02:00
 eren
супер просто))))))соз жок!!!!
22.08.2011. 21:16
 solnyshko
Гульнур эже вы просто-супер,я восхищаюсь вами,сизге эч ким тен келе албайт,ырларыныз аябай жагат мага,кээ бирде ырларынызды ыйлап угам,ушунчалык журокко тие турган ырлар,создорунун мааниси да аябай жакшы...Сизди аябай жакшы кором,урматтайм,эч качан булбулдай сайраган унунуз очпосун....Ийгилик сизге!!!
29.08.2011. 15:24
 Cholpon555
Ушунчалык угумдуу ыр. Компьютерди куйгузоор менен ушул ырды бир угуп алып анан иш баштайм. Сонун ырды сонун ырдаган. Мааниси да жакшы.
02.09.2011. 01:55
 janyl-myrza
Гулнур эже мен да сизди аябай сыйлайм.Ырларыныздын баары жагат.Сиз международный уровеньге чыкпайсызбы? Кыргызда кандай деген ырчыбыз экенине кубо болушуп ооздору ачылсын.Желаю женского счастъя.Сиздин талантынызга таазим этем.

07.09.2011. 17:16
 Moskvagul
сонун ыр Гульнур эже. дагы жаны ырларды жаратуунузду суранат элем
08.09.2011. 10:45
 khlebov
Супер молодец эжесизго.Жакшы ырдайсыз унунуз абдан сонун жана уккулуктуу. Мага аябай жагат.
14.09.2011. 14:38
 alis
Азаматсыз Гулнур эже! Унунуз абдан сонун! Талантынызга таазим!
16.09.2011. 10:12
 Aizy
эта песня внутри все переворачивает, трогает прямо душу, что мурашки по коже. классная песня!!!
17.09.2011. 07:42
 Niyz
molodes GULNUR eje densooluk uzun omur bersin.kancha turat boldu eken toygo chakirsam.
18.09.2011. 13:16
 splat
Настолько проникновенная песня,а голос просто ах! Успехов и новых свершений Вам, Гулнур эже!
28.09.2011. 09:47
 tbiaaufk_91
Gulnur eje siz chyndygynda ele ayabay sonun yrdays siz Kyrgyz elinin symygy bolup kele jatasyz, bul yrda ayabay teren filosofskiy smysl bar, sizdi oto siylaym jana ayabay chon yraazychylygymdy bildirip ketmekchimin YRAHMAT
01.10.2011. 23:52
 eren
Гульнур эжеге таазим :-))))
18.10.2011. 02:56
 kuzoko
ukkanda ichindi durkurotkon yr eken!!!
rahmat, Gulnur eje!!!
24.10.2011. 21:35
 chika
Эмии бул эжебиз тууралуу айта берсек сөз бүтпөшү бышык дегилечи...Жөн эле ШЕДЕВР!!!!!!!!!
07.11.2011. 19:56
 Heartbreaker
Аябай мааниси терен ыр, журокко жагат.
20.11.2011. 03:05
 BakytbekSab
кандай дебе эжеша мыкты бирок кече квн коруп гулнур эже бая тамашарике 2000 эмес бир он ду бериш керек эле сомго жаныбек алыкулувту капа кылып койдунуз туура болбой калды ошол кооп кеткениниз го ээ ал уулу бари бир сиз баари бир мыкты андай кылбаныз
27.11.2011. 02:27
 BakytbekSab
кыргызстан обондору болбогон сайт экен ар ырчыны оз денгелине башына коюш керек бул чон ката силер жактан!!!!!!!!!!!!!
27.11.2011. 02:30
 BakytbekSab
кече чыккан чабалекейлер алда бирок силер алфавитке карабай алга коюп жургуло силерден сураныч.
27.11.2011. 02:31
 BakytbekSab
атак данкы чыккан ырчыларды
01.12.2011. 09:06
 Otserdtsa
Асман, асман жыртылбайсың, сынбайсың,
Арбап көздү бир ордуңан жылбайсың.
Асман, асман кээде булут жамынып,
Адамдардын тардыгына ыйлайсың.....
КЕРЕМЕТ ЫР, АВТОРЛОРУНА ЖАНА АТКАРУУЧУГА ТЕРЕН ЫРААЗЫЧЫЛЫК, Баарынарды, ырдын текстин кочуруп маанисин терен тушунуп угууга чакырам!
07.03.2012. 03:32
 kesha250586
соз жок супер.
19.06.2012. 20:45
 kubanaldo
en jakwu yr!!!!!!!!!!!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо