Мерген Турган "Өмүр кечи"
05:52
5,38 Мб
Жүктөлгөн: 22-03-2011
Сөзү:Мерген Тургандыкы
Обону:Мерген Тургандыкы
Көчүрүү
  • Currently 4.50/5
(20 добуш)
Байкалбастан өмүр өтөт көз ирмемимде,
Кай жакадыр кетет шашыла, күндөн күнгө.
А биз келген бул дүйнөгө мейман, конокпуз,
Мөөнөтүбүз бүтсө кайтаарбыз үйгө...

Жакшы сөздөрдү айтышып, жүрөлү бирге,
Сүйүүңө жетсең "тобоо" дегин, шаттан, гүлдө.
Учурунда баркына жетпей сезимдердин,
Калабыз биз өкүнүп түбөлүккө.

Кайырма:
Суранам, өмүрүмдү кайрадан берчи,
Жартылай мүнөзүмдү толуктап берчи.
Кыйналдым бул дүйнөдө сүйүүмө жетпей,
Мен үчүн батып кеткен өмүр кечи.

Тамчы урган терезеде жашыдым түндө,
Унута албайт окшойм, ойлойм сен жөнүндө.
Тагдырымды талдай сындырып, кайрылбадың,
Мени оюнчуктай ойнодуң неге?

Байкалбастан өмүр өтөт көз ирмемимде,
Кайдасың сен, бактылуусуңбу ушул кезде?
Жан дүйнөм оодарылып жатты тамса тамчы,
Барсыңбы сен? Бармынбы мен эсиңде?

Кайырма:

Комментарийлер (21)

22.03.2011. 16:38
 Tokmok
ohoooo maga ushul yr abdan jagat, maanisi. Mergen baike, sonun negizi, talantynys tashkyndai bersin!
23.03.2011. 10:32
 Шаиста Шатманова
Мерген Турган аттуу ырчыны ушул ыры учун озгочо сыйлайм. Журоктон чыккан ыр. Жон эле ыр эмес,жан дуйнонун толгонуусу, азабы. Ушунчалык чын дилден ырдаганы учун да уккан адамды кайдыгер калтырбайт!
23.03.2011. 10:41
 andormeda
Мерген байкенин ушул ырын 3 жыл издеп жүрүп акыры таап, телефонума көчүрүп алгам. Автордун айтымында чыгарма анын жашоосундагы оор учурда жаралган ыр экен...тынч отуруп уккан кишиге, жан дүйнөнү титиретип ийчүдөй эле болот. Аткаруусу да мыкты! Азамат!
23.03.2011. 23:11
 Akyikatchy
Мерген Турган десе эле кыртышым жактыра бербечу эле... Ушул ырын бааладым ,талантын билбей оз ойумда тепселеп жургонум учун,абийиир сотунун алдында уялып олтурам. Чыгармачылык ийгилик каалайм жана ыр жазган акындар менен кобуроок иштешуусун сунуштайм
24.03.2011. 05:18
 lider-kg
жартылай мунозумду толуктап берчи
кыз эмес бала эмес деген тушунукда
25.03.2011. 19:17
 оштук
lider-kg салфеткага болбосо да туалетная бумагага ороп суйлосонуз боло
25.03.2011. 23:02
 lider-kg
кечирипкой коп кайгыра бербе айтып койдумда
11.04.2011. 20:00
 Letty
Акыркы умуту ушул ыр болсо керек...
11.05.2011. 14:45
 lmakenovna
мерген тургандын озунун турмушунан алынган ыр экени билинип турат
17.05.2011. 05:10
 Baichechekey
Керемет ыр керемет.
31.05.2011. 16:59
 saltane
суранам кайрадан кайрып берчи откон омурумду
23.06.2011. 00:07
 naziraayan
ukmush sonun ,soz jok.
10.08.2011. 05:05
 Merischka
Omur otot oto beret bilinbej...sen otkorgon otkon kundun birindej...
03.05.2012. 16:42
 Jake40
Ok
24.06.2012. 05:28
 Erme4a
Azamatsyn,ukmuw maanisi jakwy,jakwy da yrdagan
27.01.2013. 22:11
 zhorobekt
Мага жагат
25.03.2013. 17:40
 nazel
Мурген Турган абдан таланттуу.Баардык жагынан Азаматсыз бар болунуз.
08.02.2014. 03:21
 aitmambet
Мерген сага Толгонаи есиндеби? Жаш боидон кетеберди,чиркин..Естесен мага чал: 07518888786(London).
14.04.2014. 22:17
 777bek
Мезгилинде Гулнур Сатылганова ырдайын деп сураса де берген эмес деген миш бар бул ырды
27.11.2014. 20:34
 Begai.93
сонун экен ыр
04.05.2018. 03:18
 simone
Абдан таланттуу инсан, мен сыйлайым сиздин чыгармычылыгынызды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо