Самат Дөөлөтбаков "Теңтуштар"
03:30
3,1 Мб
Жүктөлгөн: 23-11-2010
Сөзү:Чубак Сатаевдики
Обону:Чубак Сатаевдики
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(2 добуш)
Тектир, тектир, тектир саз,
Тебишип ойнойт өрдөк-каз.
Теңтушту теңтуш сагынса,
Тегеренет экен көздөн жаш.

Кайырма:
Кайдасыңар, курбу кыздар?
Теңтуш балдар кайда алар?
Өзүңөрдү эстегенде,
Тегеренет көздөн жаш.
Келгилечи жолугууга,
Көңүл ачып отурууга.
Курбулар, ансыз деле өмүр аз,
Ээй, курбулар, өмүр аз.

Курбу, курбу, курбу, саз,
Куушуп ойнойт өрдөк-каз.
Курбуну курбу сагынса,
Куюлат экен, көздөн жаш.

Комментарийлер (13)

23.11.2010. 17:17
 Mairambu
Чубак болуш аста аста...Азаматсын Самат.Москва.
24.11.2010. 00:27
 kanyshay
Сонун болуптур! Азаматсыз!
24.11.2010. 00:47
 aygulya
азаматсыз Самат байке жакшы ыр болуптур+10
24.11.2010. 13:21
 ide
сонун болуптур!самат акыркы убакта съездбек,замирлердин ырларына окшош репертуар топтоп жатат!
25.11.2010. 18:37
 TolonturCN
Жакшы ырдалыптыр, чын сөздү айтканда азыр эл жаңы чыгып жаткан ырларга канааттанбай илгерки ырларды сагынып жатат. тойлордо, оюн зооктордо көбүнчө эски ырларды ырдашат.
26.11.2010. 06:05
 Karamel
ооо соонун ырдаптыр. мага эмнегедир ушул эски ырлардын жаңылаштырып чыгарылган варианттары көбүрөөк жагат.
26.11.2010. 16:25
 Мэри
Самат бул ырды жакшы ырдаптыр... Мындан аркы чыгармачылыгына ийгилик!
26.11.2010. 18:49
 fiesta
НОРМА !бирок озу ваапше жакпайт1! Жонокойуурок болсо жакшы болмок ! Канча жонокой болсон ошончолук елге жагасын !!биринчи ушул жагын кара !Анан ирдаганды уйронуп аласын,эээ дос мени жаман корбо ...!
29.11.2010. 05:09
 Arstan
Ырды коркуно чыгарып ырдап коюптур азаматсын Самат!
29.11.2010. 18:49
 kanyshay
Тектир тектир тектир саз ай, ла-ла-ла-ла... сонун ыр!
17.12.2010. 01:22
 aidaho
Супер ыр! Супер ырчы! Азаматсыз!
16.01.2011. 23:30
 meriam
Azamatsyn///ununon senin....jurokton yrdaptyrsyn/.murunku akcentin jogoluptur...nukura kyrgyz!
22.01.2012. 20:19
 almaz2880
Жакшы ырдаптырсын азамат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо