Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
02:36
4,79 Мб
Жүктөлгөн: 21-04-2011
Көчүрүү
Кайда эми биз эңсеген бакыт жолу,
Кайда эми ошондогу ашык болуу?
Жүрөктөн кетпейт экен көп элестер,
Жүргөн кез узатышып, басып чогуу.
Кайырма:
Кайдасың? Азыр мени ойлойсуңбу?
Мен үчүн жарык жылдыз болбойсуңбу?
Дилимден сага арнаган ырларыма,
Бир жолу көңүл буруп койбойсуңбу?
Кайда эми кереметтүү сүйүү деген,
Суу беле жерге сиңип билинбеген.
Бир жүрүп кымбат күндү кайрыбадык,
Бир гана үмүт калды түңүлбөгөн.
Кайырма:
Кайда эми таттуу кыял, асыл санаа?
Биз жүргөн кызгалдактуу жашыл талаа.
Билгизбей ортобузду жылдар бөлдү,
Бир көргөн тааныштаймын азыр сага.
Кайырма:
Комментарийлер (7)