Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Назира Токонова "Жанымдын жарымы"
04:07
3,6 Мб
Жүктөлгөн: 22-04-2011
Көчүрүү
  • Currently 4.40/5
(15 добуш)
Кагылайын карааныңдан,
Үмүтүмдү өчүрбө.
Сага деген бир сезим бар,
Бир учкун бар көзүмдө...

Жазгы жел уйпаласа чачтарыңдан,
Ал сени эркелеткен демим менин.
Сыдырым күз аптабы сылап өтсө,
Эрдиңе эңилгени эриндерим.

Капилет нөшөрлөгөн жамгыр төксө,
Ал менин сагынычым сени эңсеген.
Ал түндө айдын нуру шоола төксө,
Ал менин кыялдарым себелеген.

Кайырма:

Кагылайын карааныңдан,
Үмүтүмдү өчүрбө.
Сага деген бир сезим бар,
Бир учкун бар көзүмдө...

Мертенип тагдырымдан адашсам да,
Мен сени бербейм жаным башка жанга.
Бактымды сыйдыра албайм сендик болгон,
Миң ирет таазим кылып жаратканга.

Күмүштөй күлкү тагып көңүлүңө,
Чек коюп сүйүүлөрдүн төгүнүнө.
Армандуу жан эсебин азайтамын,
Ашыктык дартын сүйкөп өмүрүмө.

Кайырма:

Комментарийлер (17)

24.04.2011. 00:23
 balykchydan
Ийгилик сага Назира!Ырлары мага аябай жагат,уну дагы!
24.04.2011. 09:53
 BiLLy Beck
Maga abdan unu jagat...))) iygilik saga....))
24.04.2011. 15:37
 Aydashka
OO,jakshy yr eken,ukkuluktuu yr eken!
25.04.2011. 01:30
 bekzhan
janymdyn jarymy! kanymdyn karyny! xe xe! jakshy ele eken birok...
25.04.2011. 11:04
 aku
kagylain,ailanaiyn dep apam,chon apam erkeletchu neberelerin.Kyz jigitin kagylain dep atsa he he he....
25.04.2011. 15:55
 aygulya
Азаматсыз Назира эжеке ар дайым булбулдай унунуз очпосун
27.04.2011. 18:38
 Lili
Жакшы ыр экен. Ушул кыз жонундо толугураак маалыматтар барбы. Уну таанымал, башкача, жагымдуу дегендей..
28.04.2011. 22:42
 naska
Назира алга. талантын оркундой берсин.
05.05.2011. 14:16
 zssu
azamatsyz!
21.06.2011. 20:01
 kulberdi
жакшы ыр экен Назира оркундой берсин талантын
31.03.2012. 11:00
 Dili
кобуроок ырдасааааа
07.06.2012. 11:27
 SCARPION
рахмат жакшы ыр экен!омурлуу болунуз Назира эже!!
20.07.2012. 22:01
 Tazash
Назира эмнеге ушул талантты жашырып журосун...Сен ырдасан сени баары колдойт унун жагымдуу бир жарк этип жок болуп кетбей алга.Атын чыкпаса жер орто деп эле ырдап журушотго атын чыгарып же жанагы продюссер деген неме жок болуп жатабы.
15.12.2012. 03:46
 Shurugan
Эх кандай соонун ыр , унучу керемет, ырдын созуда адамга жакшы умут тартулайт!
31.07.2013. 02:27
 guragan
Уну тунук, сонун экен.
08.06.2014. 21:00
 bbbeee
Неге мынча сонун ырдайт а ?! Канча уксам да ырларын кайра-кайра уккум келет, эч тажабадым . . .
31.03.2016. 18:38
 sagynbek89
Суйомго суйом таанышканга батына албай койдум эле бир жолу жанынан коргондо.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо