Алихан "Сулуу кыз"
03:31
3,23 Мб
Жүктөлгөн: 03-05-2011
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 3.33/5
(6 добуш)
Ай, сулуу кыз,
Неге мени карабайсыз?
Ай жандаган жылдыз болуп
Арзуумду баалабайсыз.

Жылдыздай болуп жанып,
Жалындуу сүйүү жагып.
Жанымда жүрчү дайым,
Жүрөгүңдө мени багып.
Тагдырлашым өзүң жаным,
Тартуулачы сүйүү багын.
Татына айдай жүзүң,
Суктандырат мени дайым.

Кайырма:

Ай, сулуу кыз,
Неге мени карабайсыз?
Ай жандаган жылдыз болуп
Арзуумду баалабайсыз.
Ай жүздүү кыз,
Жүрөктү жараладың.
Айта албас арзуу болуп,
Сезимди араладың.



Издедим таба албадым,
Бир өзүң болуп самаганым.
Жүрөккө чокту салып,
Неге мени карабадың?
Көзүң болду караганым,
Өзүң болдуң самаганым.
А бирок асылым сен,
Ак сүйүүмдү баалабадың.

Кайырма:

Кыялдын кылын терип,
Кыйнадың мени жээрип.
Кылыктанып дайыма,
Гүлүм сунсам карабайсыз.
Арманым чубалып,
Айта албаймын сенден уялып.
Мен тандаган пери болуп,
Калууну каалабайсыз...

Кайырма:

Комментарийлер (0)

Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо