Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Салима Балтаева "Көктөм эле"
03:40
3,36 Мб
Жүктөлгөн: 04-05-2011
Сөзү:Сооронбай Жусуевдики
Обону: Калмурат Рыскуловдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.88/5
(8 добуш)
Оо, анда көктөм эле, көктөм эле,
Жаңы эле жаз жамгыры төккөн эле.
Капкара карагаттай көзүң менен,
Карадың кирпик какпай көпкө неге?

Кайырма:

Сейилдеп бакта жүрсөк айта албадым,
Сен ошол көз карашты байкабадың.
Мээримиң төгүп турсаң көз нуруңан,
Мен неге байкабадым, байкабадым?

Болгондур байкабастык тагдырымда,
Тагдырдын тайыздык же тардыгында.
Сезимде от тутантып да карасаң,
Сен үчүн кечер элем бардыгынан.

Кайырма:

Негедир ошол жазды эстей берем,
Эстейм да, андай жазга мен жетпей келем.
Алиги сеникиндей көз карашты,
Аттиң ай, мен эч кимден сезбей келем.

Комментарийлер (21)

04.05.2011. 16:26
 Sushi
Голос -Шедевр, Супер-Инфо суранам, Салима Балтаеванын ырларын дагы жуктоп койгулачы, сураныыыыыыыыччччччч
04.05.2011. 18:16
 alisam
Эх, ырчы деп ушул эжени айтсак! Уну укмуш! Уккан сайын уккуну келтирет! Ушул унду угуп Неля, Кундуз, Бактыгул, Чолпонай, Айгерим, Айпери, Анжелика дегендер ырдабай деле коюшса болмок деген ой келет!
04.05.2011. 22:57
 Eliza
ыр деп ушуну айт уксаң эс аласың чиркин
08.05.2011. 22:19
 Arstan
Чынында Салима эженин уну сонун да тунук,уккулуктуу.
10.05.2011. 09:36
 Shahinia
Мага да абдан жагат ушул ыр, кайра-кайра уга беруудон тажабайм.
10.05.2011. 16:31
 Abylai
Таза добуш коз тийбесин эжеке сизге!!!
11.05.2011. 11:48
 arlekino
да жакшы ырдайт, ырларды да туура тандайт....
только внешность не ахти...
11.05.2011. 17:52
 Cyldyzka
klassss vooobşeeee
17.05.2011. 22:07
 ERMANI
lyuboy vozrastka ketebere turgan yr
22.05.2011. 23:53
 Талант
сонун
23.06.2011. 09:31
 Eldiar
Класс
23.06.2011. 11:38
 Eldiar
Класс
27.07.2011. 18:47
 matatas
укмуш ыр, обонун Калмурат Рыскулов деген талантуу жигитибиз жазса, созу дагы бир таланттуу акын, жазуучубуз Сооронбай Жусуевге таандык. Созу да, обону да келишкен мындай мукам обондор туз эле журокко тийет. Аны аткарган ырчы кызыбызга таазим
24.08.2011. 02:20
 arzyy
бул ырды уккан сайын жакшы кундор эске тушот!Таазим сизге Салима эже.
20.10.2011. 16:35
 aigulai
Салима эже сиз бул ырды абдан жакшы ырдайсыз. Бирок мен сизге абдан капамын. Анткени сиз ушул ырдын обонун чыгарган маркум Калмураттын биринчи жана акыркы концертине чакырса да келбей койдунуз го. сиз бул обон менен элге таанылдыныз, бирок ал бала озун корсото албай кор тириликтин азабынан бул дуйно менен кош айтышып кетпедиби.
23.06.2012. 13:40
 Lazat
Супер инфо сураныч Салима эженин эски ырларын жуктоп коюунуздарчы сураныч кутом
14.12.2012. 17:10
 usupova55
11-декабрда Салиманын отчеттук концерти болду.Эн сонун эс алган супер концерт тируу ун менен ырдады.Салима азамат ишине ийгилик.Бар бол.
28.02.2013. 17:58
 Samarbek1
Укмуш
17.02.2014. 23:32
 maybach87
Кайырмада сен ошол коз карашты кайталадын деп ырдалат го, байкабадын деп жазылып калыптыр
03.12.2014. 11:11
 meerim95
Ушул ырдын минусовкасын жүктөп койуңуздарчы сураныч.
07.12.2017. 21:07
 maks93
Кандай гана сонун ыр эс аласын?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо