Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
03:31
3,23 Мб
Жүктөлгөн: 09-05-2011
Көчүрүү
Ырдабачы, суранам ушул ырды,
Эске салып жоголгон махабатты.
Көп күтүүдөн саргайып араң тапкан,
Кезигүүбүз бүгүнкү мага жакты,
Жолугуубуз бүгүнкү мага жакты...
Ырдабачы, суранам ушул ырды,
Коштошууну туралы капарга албай.
Эки башка жол күтүп эртеңдерден,
Тагдыр бөлгөн жактарга сапар алмай,
Тагдыр бөлгөн жактарга сапар алмай...
Ырдабачы, суранам ушул ырды,
Кеч күздөгү кайыңдай тонолууну.
Каректеги айыпсыз сезим калсын,
Кайырмасын созбочу жоголуунун...
Комментарийлер (1)