Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
03:19
3,05 Мб
Жүктөлгөн: 25-11-2010
Сөзү:К. Тайчабаровдуку
Обону:А. Бержебаевдики
Көчүрүү
Күндө кирип түшүмө,
Сүйүү салды түйшүккө.
Бүт оюмду ээледиң,
Бүлүк салып сезимге.
Сүйүүм сенсиз үшүгөн,
Түшүмдөнсүң, түшүнөм.
Куса кылбай жүрөктү,
Чыгып келчи түшүмдөн.
Күткөн жаным сен,
Сүйгөн жарым сен.
Сезсең баарын сен,
Болчу жарым сен.
Кайырма:
Күндө сен деп ойгоном,
Бассам-турсам ойлоном.
Көзүн кыскан кыздар көп,
Бир да карап койбогом.
Ааламда көп сулуулар,
Аларга көп жүрөк зар.
Колун сунат топ сулуу,
Мен үчүн бир чүрөк бар.
Сүйүп калдым бир көрүп,
Издеп жүрөм көшөрүп.
Үмүт бердиң сезимге,
Жашоом калды өзгөрүп.
Жомоктогу перимсиң,
Түшкө тынбай киресиң.
Саргартпастан жүрөктү,
Айтчы, качан келесиң?
Комментарийлер (21)