Асылбек Өзүбеков "Жаралуу ак куу"
02:41
2,47 Мб
Жүктөлгөн: 16-05-2011
Көчүрүү
  • Currently 4.73/5
(11 добуш)
Күз келип, салкын тартып а бул тарап,
Келгиндер келген жакка кайтып барат.
Каз-өрдөк каркылдашып туулган жерге,
Кылчактап “кош-кош” сөзүн айтып барат.

Асманга чаң түшүрүп ал бир замат,
Капыстан “тарс” эткен үн кулак жарат.
Каркылдап аянычтуу үн чыгарып,
Салбырап жалгыз ак куу кулап барат.

Куш эркин бийлеп алган жараат күчпү,
Калдактап көк деңизге кулап түштү.
Алдынан атырылып тосуп алды,
Ак толкун аласалып абдан күчтүү.

Топ ак куу бир карарып, бир агарат,
Жаралуу жан талашып көрүп барат.
Жете албай максатына жерди чапчып,
Өзүнчө туталанып өлүп барат.

Антсе да алыс жактан көзүн албай,
Жетем деп, учамын деп өзүн алдай.
Канчалык кайратына келген менен,
Өмүрү өчүп барат кыйган талдай.

Караан жок карай салса курап күчтү,
Максаты эски тамдай урап түштү.
Деңизге узун бойлуу бир чабылып,
Көзүнөн эки мончок кулап түштү...
Кулап түштү... кулап түштү...

Комментарийлер (13)

16.05.2011. 19:09
 Estekeeff
Ыр эН Жакшы. Магаа абдан жагат. Ийгилик от. У
20.05.2011. 09:38
 Bus
Жакшы эмес, эн жакшы. Абдан-абдан жакты. Мактоого соз жеткис.
21.05.2011. 19:29
 altynbekkk
байкем ыр дасында эн сонун экен.
30.05.2011. 16:07
 Aiganish
талантынызга таазим!!! Журокко жеткире ырдайсыз го чиркин.
30.06.2011. 05:44
 nurik0313
Баардык ырлары супер!
21.09.2011. 23:45
 uLiUs
asylbek baike abdan romantiksizgo )
18.03.2012. 16:31
 Sulukan
уккандан эч жадабаймын сизди
29.07.2012. 21:21
 riaz
сонун ырлар экенго
12.01.2013. 01:15
 anteya
Кандай гана создор менен жазылып, кандай ырчы ырдаган, чиркин. Уккан сайын ошол жалгыз ак кууга журогум ооруйт,жан дуйном толкундануу менен тажабай угам.Бир гана кемчилиги: ырды запись кылып жатканда гитаранын уну туура эмес жазылган, дунгуроп ырды укканга тоскоол болот. Асылбек байке сизге рахмат жана ийгилик.
26.11.2013. 13:49
 Nurainalun
Жакшы.Эн сонун ыр! Ушул ырдын экинчи вариантын да жуктоп койсонуздар сураныч супер?Ал варинантта более эммоцианально ырдайт!
04.04.2014. 13:21
 nazi66
Соз жок....Соонун ыр......Асылбек байке Сиздин ырларынызды абдан жакшы коруп угабыз. Сизге ийгилик,коп жашаныз
29.08.2014. 21:02
 Alikov_almaz
аябай жакшы ыр
08.07.2017. 10:23
 rayhanaraya
Эн сонун ыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо