Тата Улан "Карындаш"
03:34
3,27 Мб
Жүктөлгөн: 25-06-2009
Сөзү:Тата Уландыкы
Обону:Тата Уландыкы
Көчүрүү
  • Currently 4.61/5
(28 добуш)
Кап этпесең угуп койчу,
Момундай болгон окуя.
Чындык болбос калп нерседей,
Жай айтылган акыя.
Көгүчкөндөр учуп жүрөт,
Бир айылда тыптынч.
Жан көрүнбөйт тегеректе,
Болуп турса чак түш.
Эшикке чыкты бир карындаш,
Кызыл өтүк кийген.
Сулуу, чырай келбетине,
Ишенгенин билген.
Шаарды көздөй сапар алды,
Саркеч сумка асынган.
Кандай болот келечеги?
Тагдырына таарынган.
Чимирилип ылдый түшөт,
Кызыл-сары жалбырак.
Көздөн агат жаш куюлуп,
Көкүрөккө тамчылап.
Кабак бүркөп кейип-кейип,
Калаа көздөй келатат.
Үйдөн качып, уруш менен,
Эркиндикке баратат.
Өрүп жүргөн жибек чачты,
Белге таштап чачты.
“Өзүм түзөм, өз жашоомду”,
Деп кыйкырып качты.
Мени түшүнгөн өмүр жарды,
Издештирип табамын.
Өзүм деле сулуу кызмын,
Жакканымды чабамын.
Бул жашоодо баары болот,
Капа болбо, карындаш.
Түз узасаң тез жетесиң,
Жоолук асты кайык каш.
Бактылуулукту эңсейсиң,
Жөлөк болгон асыл таш.
“Оозду чүйрүп, жебейм дейсиң,
Сунса балды кашыкташ.
Бул жашоого жеткен арман,
Кудай өзү кечирсин.
Турмушуңда өзүң каарман,
Ката сенден кетпесин”.
Деп айтчу эле сага энең,
Күндө мээңди жегендей.
Сен укпадың аны деги,
“Билем-билем” дедиң сен.

Кайырма:

Титиреген эриндериң,
Муздадыбы таштан?
“Сүйөм, сүйөм, сүйөм” дедиң,
Сылаттырып чачтан.
Өзүң эле ысып турган,
Кучагына жолодуң.
“Күйөм, күйөм, күйөм” дедиң,
Күйүп кеттиң, кор болдуң.


Сейил бакта эс алганда,
Көрүп калдым ал кызды.
Дарак сүйөп, жалгызданып,
Көктү тиктеп жалынды.
Көздүн тузун кошо жутуп,
Өксүп-өксүп ыйлаган.
“Не болду?” деп сурагандан,
Тилим барбай кармалган.
Ыйдын ачуу добушуна,
Дене боюм кысылып.
Не деримди билбей калдым,
Сөзүм тилге кыпчылып.
Оюм кетти жаман жакка,
Ташталдыңбы, бечара?
Оюнчуктай оюн болдуң,
Булгандыңбы, таптаза?
Алдандыңбы таттуу сөзгө,
Бир максатты көздөгөн.
Сүйүүң күйүү болуп кетти,
Капилеттен күтпөгөн.
Өзүң назик, ишенчээксиң,
Не көздөдүң бул жолду?
Акыл келет тайгаланып,
Ыйлап бүтүп бир көлдүү.
Не кыл дейсиң, азыр турмуш,
Бүт жагынан бузулган.
Арам нерсе мода болуп,
Жаман жолго алпарган.
Төштү ачып, суктандырып,
Чакырасың шайтанды.
Жаккың келет денең менен,
Өзүң баштап жаманды.
Оо, шайтанды карачы,
Чаташтырган, ээ заман.
Сен жактырган бар нерселер,
Териштирсең бүт жалган.
Cактап жүргүн жеңил болбой,
Кыздыгыңды, намысты.
Кол тийгизбе ойноктобой,
Сылаттырып чачыңды.
Сен сөздөрдү туура түшүн,
Эркек оюн актабайм.
Менде да бар карындашым,
Ага жаман каалабайм.
Бул жашоодо баары болот,
Капа болбо, карындаш.
Түз узасаң тез жетесиң,
Жоолук асты кайык каш.
Бактылуулукту эңсейсиң,
Жөлөк болгон асыл таш.
“Оозду чүйрүп, жебейм дейсиң,
Сунса балды кашыкташ.
Бул жашоого жеткен арман,
Кудай өзү кечирсин.
Турмушуңда өзүң каарман,
Ката сенден кетпесин”.
Деп айтчу эле сага энең,
Күндө мээңди жегендей.
Сен укпадың энекеңди,
Билем-билем дедиң сен.

Комментарийлер (79)

21.10.2009. 21:08
 МИЯ
en sonun ur
22.10.2009. 12:07
 botokoz
азыркы жаш кыздарга абдан тарбиялык ыр!!!
11.11.2009. 10:44
 Супер саяк
Улан сен кыргыздын СУПЕР и экенинди ырындан эле коруп турабыз. Азамат сага чыгармачылык.
11.11.2009. 10:44
 Супер саяк
Клип жетишпейт.
24.11.2009. 07:59
 Rown
Азамат Тата. кийинки ырына орусча кошуп аябай озундун баркынды буза баштадын. Бирок азыр деле кеч эмес. Ырларына бир да орусча соз кошпой ырдасан. Эгер орусча ырдагын келсе, кыргызча кошпой ырда!
02.12.2009. 16:53
 Nakinai
Аябай жакшы ыр болуптур.Бир окуя жонундо суроттолгон, маанилуу ыр. Алга сага Тата Улан !!!
02.12.2009. 16:57
 Nakinai
Бул ырды менин синдим сутка бою угуп жатат. Кызык, маскасын чечпегенинин себеби бар бекен ?
01.01.2010. 13:50
 mafiakg
Эн жакшы кыскасы мага дагы элге дагы жакты балким жакын арада клибин коруп калыбызбы???

29.01.2010. 12:48
 Rown
bayke менен кошулам. унун бар, а сен аны кор кылып бардык ырчыларга окшоп шыбырап ырдап калыпсын.. же сен да озундун ырындын насаатын укпай калып атасынбы кээде азгырылып? унундун барышынча кыйкырып ырдай турган убагын. Болбой калыптыр. Стилинди да жоготупсун.
01.03.2010. 20:18
 Mekenimkg
клип кана жетишпейт +5 +5 +5
15.03.2010. 15:16
 Best Girl
Супер!
30.04.2010. 19:08
 akim
жаккан жок!
23.05.2010. 18:41
 aidor
Tata ulan alga
Jakshy yr jazgansyn.
Akyly jok kyzdarga arnap.
Jashoonun baryna joguna chydap jahsa kerek aial zaty
29.05.2010. 16:50
 MAKYSEM
5++++++++++++++++++++++++++++++++++++++
18.08.2010. 12:13
 meka
Кудай акылды жаратып аны онго болуп, тогузун эркекке берип, бироону аялга берген экен. Кумарды (козгонуу, возбуждение)жаратып онго болуп тогузун аялга берип, бирин эркекке берген экен. Уяттуулукту жаратып, анын да тогузун
аялга берип, бирин эркекке берген экен. Аял тогуз уяттуулугу менен тогуз кумарын баса алат экен, ал эми эркек тогуз акылы менен бир кумарын баса албайт экен.
Ошондуктан Улан айткандай, чачынардан сылаттырып, ысып тургун кучагына кирип кор болуп калбагыла. Шайтан
05.09.2010. 03:20
 bambucha
СОНУН. ТАТА УЛАН дагы ушундай композициялардан кутобуз.
09.09.2010. 23:41
 alisa
абдан жагат
26.09.2010. 19:07
 mandalak
Эн сонун болуптур,башка ырларына караганда. Мага жакты
12.12.2010. 23:07
 Нургуль
албетте супер тата улан жакшы ыр экен ушундай ырлар кобойо берсин сага 5деген баа бериш керек
17.12.2010. 20:44
 OdiNokaYa
вы че народ пишите)))))))))))))) это мегасупер песня, про правду...!!!!!!!!!! делай братан...
26.01.2011. 11:15
 Нургуль
ээ таташка жакшы молодец сенин ырларын бут жагат да магачы сага 5 карочи
31.01.2011. 10:25
 Нургуль
молодец татауля сен жалан жакшы ырларды ырдайсын!азыркы жаштардын жашоосун байланыштуу бул ыр дын мааниси терен!жаштар бузулуп жатат азыр турмушта
14.04.2011. 11:29
 Burabiya
молодец абдан соонун +5
16.12.2011. 20:31
 kano03
+5
27.01.2012. 08:54
 nuli_kg
туура айтасын, Тата Уландай ырчылар коп болсо
14.02.2012. 10:06
 Asul
Ар бир ырчынын оз имиджи болот. Маска Татанын имиджи болсо керек. Жарым жыланач кийинип алып ырдагандардан коро маска жакшы эле го. Татанын ырлары - 5, уну - 5, музыка - 5, дегинкиси, баары - 5.
18.03.2012. 00:32
 Janymay
Абдан сонун ыр!!! Рахмат!
04.02.2013. 20:46
 TolonturCN
Чиркин, канча уксам да моокум канбайт го.
25.12.2013. 12:10
 Aziza_2009
Редакция !!! Сураныч Улан Качкыналиевдин ырларын жуктоп коюнуздарчы
25.12.2013 12:18
admin_media
Aziza_2009,
Саламатсызбы!
Сиз издеп жаткан ырчы биздин порталдын тизмесинде азырынча жок, балким келечекте болуп калат. Ошол себептен ырлары порталда жок болушу мүмкүн. Аракет кылабыз жүктөп коюуга, рахмат!
05.05.2014. 23:47
 mezonin
Соонун мага жагат кыздарга арналган
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо