Алтынай Нарбаева "Сагындым сени"
03:33
3,27 Мб
Жүктөлгөн: 26-05-2011
Көчүрүү
  • Currently 4.06/5
(18 добуш)
Айдыңга ак куулар жол алды,
Сагындым сени.
Жайнады дүйнө да, жаңырды,
Сагындым сени.
Жаз өттү, жалбырак саргайды,
Сагындым сени.
Ак кайың ак мамык жамынды,
Сагындым сени.

Кайырма:

Күн батты, таң атты дагы да,
Эм таппайм жаралуу жаныма,
Бир гана сени эңсеп карайлаймын жолуңдан.
Сен элең сүйүүмдүн жанары,
Эңсеткен жүрөгүм жамалың,
Эзилип ичимен барамын, ай, маралым.

Ак кайың арылды ак кардан,
Сагындым сени.
Булбул куш сайрады бактардан,
Сагындым сени.
Элесиң жүрөгүм жандантып,
Сагындым сени.
Келесиң жаным кай жактардан,
Сагындым сени.

Кайырма:

Комментарийлер (10)

26.05.2011. 14:47
 maksnarin
ay eje rahmat sizge janagi tantik irchilar ugat boldu beken den soolukta bolunuz da tamaginiz oorubasin
27.05.2011. 01:24
 kyrgyzka
Kazaktardyn yry go byl.
25.09.2011 13:57
кыргыз Алик
kyrgyzka, ооба казакча брок кыргызчасы жакшы чыккан салыштырып угуп кор мага окшоп ))
27.05.2011. 08:10
 esc
kazaktardyky emes bul yr //////bul yrdy Roza eje yrdagan
29.05.2011. 09:24
 asboi
Экинчи куплетте 3 сап туура эмес жазылып калыптыр:
бактарды эмес - бактардан
А так душевный ыр болуптур
31.05.2011. 11:05
 Dilaram
Жакшы
03.10.2011. 23:44
 ramil
Бул ырды казак эл артисткасы Макпал Жунусова ырдайт. Омурлук жолдошу дуйнодон эрте отуп кеткен, белгилуу казак коомдук ишмери маркум Заманбек Нуркадиловдун элесине арналган.
04.05.2012. 09:29
 Myrzabek_91
Биздин деле ырларды казактар ырдап эле жатышат. Чубак ж.б ырларын.
Бирок Алтынай эже жакшы ырдаптыр,казакчасына караганда
30.07.2012. 15:30
 vvvb
Конур ундуу Алтын эже ! аял затынын бары сиздей болосо экен ...
07.03.2016. 17:47
 Sabyr_Baymatov
Ушул ырды укканда Бишкектен Аксыга кетчүү жолду элестетем (караңгыда) Алтынай эже сизге рахмат ушундай ырларды дагы көп чыгарыңыз, а мен болсо айылга кетчүү элестете берейин. (күлүп)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо