Кубаныч Сатаев "Күндөр ай"
03:31
8,08 Мб
Жүктөлгөн: 03-06-2011
Сөзү:Ч.Сатаевдики
Обону:Ч.Сатаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.25/5
(4 добуш)
Күндөр, күндөр, күндөр ай,
Бирге жүргөн түндөр ай.
Тагдырыбыз тайкы экен,
Экөөбүздү эки жакка бөлүп салды.

Жүрөгүмдө тутам кайгы,
Кайгы мени курчап алды.
Бирге жүрүп жете албай,
Турмуш куруп кете албай ай-ий.
Тагдырыбыз тайкы экен,
Экөөбүздү эки жакка бөлүп салды.

Күндөр, күндөр, күндөр ай,
Бирге жүргөн түндөр ай.
Тагдырыбыз тайкы экен,
Экөөбүздү эки жакка бөлүп салды.

Үзүлбөгөн үмүт менде,
Менден өткөн күйүт сенде.
Күндөр, күндөр, күндөр ай,
Бирге жүргөн түндөр ай.
Ойлогондо ал күндөрдү,
Кантип үзөм мен күдөрдү, мен күдөрдү?
Күндөр, күндөр, күндөр ай,
Бирге жүргөн түндөр ай.
Ойлогондо ал күндөрдү,
Кантип үзөм мен күдөрдү, мен күдөрдү?

Жүрөгүмдө тутам кайгы,
Кайгы мени курчап алды.
Бирге жүрүп жете албай,
Турмуш куруп кете албай ай-ий.
Тагдырыбыз тайкы экен,
Экөөбүздү эки жакка бөлүп салды

Комментарийлер (6)

16.06.2011. 00:37
 vbhkfy
Сонун сонун!!!
30.06.2011. 15:40
 dana2907
атасынын баласы

05.08.2011. 18:51
 Nazylya
Албетте, атасынын кайталнгыс талантын уланкан атанын уулу да. Эн сонун аткаруу.
22.08.2011. 21:24
 nur1980
атасын баласы балли ийгилик сага
25.08.2011. 07:56
 Muratbei
Tim ele ukmush bir yr da
26.11.2011. 15:04
 patriot_kyrgyzstan
кандай соонун ыр.....канча уксам да тажабайм...чубак сатаев чыныгы кыргыз баласы...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо