Фархат Кеңешбек уулу, Азиза "Бактылуу сүйүү"
04:16
7,85 Мб
Жүктөлгөн: 10-06-2011
Сөзү:М. Байсабаеваныкы
Обону:Ф. Кеңешбек уулунуку
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(11 добуш)
Баарына даяр, мен баарына даяр сиз үчүн,
А билбейм сулуу, сулуу кыз жашайт ким үчүн?
Даярмын мен да, даярмын мен да сиз үчүн,
Сүйүүнүн жолу кең болсо экен биз үчүн.

Жүрөгүм дегдеп жүрөмүн издеп перини,
Ал пери менин жүрөк отумду сездиби?
Баарына даяр, мен баарына даяр сиз үчүн,
А билбейм сулуу, сулуу кыз жашайт ким үчүн?

Сезбейин кантип, сезбейин кантип сүйүүңдү?
Жылдыздуу жигит, кабыл ал менин сүйүүмдү.
Даярмын мен да, даярмын мен да сиз үчүн,
Сүйүүнүн жолу кең болсо экен биз үчүн.

Артыңдан барып, аңдып бир сизди жүрөмүн,
Көңүлдүн ээлеп, ээлеп бир алдың түнөгүн.
Сулуу кыз, эгер, сулуу кыз, эгер түшүнсөң,
Бир сиз деп өмүр, бир сиз деп өмүр сүрөмүн.

Жолуңду карап, жоругуң эстеп күлөмүн,
Келсе деп сени күнү да, түнү күтөмүн.
Жылдыздуу жигит, жылдыздуу жигит, түшүнсөң,
Бир сен деп кагат, бир сен деп согот жүрөгүм.

Бактылуу сүйүү, бактылуу өмүр жаратып,
Сүйүүнүн сырдуу багына барып конолу.
Айрылып калбай, адашып калбай өмүрдө,
Жашоодо бирге, сүйүүдө бирге бололу.

Комментарийлер (6)

16.06.2011. 00:05
 hottaby
Азаматсынар!Так держать!
09.07.2011. 11:32
 aziza
талантуу деп ушуларды айтыш керек. Ийгилик силерге.
18.07.2012. 01:12
 adina2096
аябай жагат мага ушул ыр...
14.08.2014 16:52
muza_prinsessa
adina2096, айтасында. Сонун ыр е
25.02.2015. 14:01
 ere_j
сонун ыр!
02.08.2016. 00:39
 adi_ko.kg
Супер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо