Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Тата Улан "Не керек?"
05:29
12,58 Мб
Жүктөлгөн: 21-06-2011
Көчүрүү
  • Currently 4.56/5
(34 добуш)
Бир балада баары барбы,
Шаардын баары колдо.
Атасынын машинеси,
“Фаап-фаап” жолдо.
Учуп жүрөт иш кылгансып,
Чаң сапырып күчөтүп.
“Урганым жок”- дегенсип,
Асылганды кекетип.
Толо, толо калп достору,
Кана мени макта.
Капчыгында кысылышат,
Сатып алчу акча.
Диско клубда шагырашып,
Шайтан үйү.
Бири-бирине сүрүлүшүп,
Түшүнүгү сүйүү.
Төштү ачып кыска кийип,
Жарнактай чакырып.
Жигиттердин көңүлүнө,
Дене менен жагынып.
Мен балдарды жактабаймын,
Айтып жатам күйүп.
Канча деген карындаштар,
Алданышат сүйүп.
“Современный”- деп айтышат,
Кыргызчасы – заманбап.
Сен абийирдүү, таза болсоң,
Келбетиңе жарашат.
Терс түшүнүк батыш жактан,
Бекем сиңип калды го.
Улутуңдун жоголушу,
Тил чайналып чалды го.
Ай кыргыздар ойгонгула,
Камчылата салса.
Канча кыргыз кыз-жигиттер,
Тантырашат орусча?
Жыйрма жылда эмне берди,
Мамлекет балдарга?!
Билим сатып бизнес кылдың,
Билими талаада!
Кыргыз тилде так сүйлөсө,
Баары аны - мырк дейт.
Орус тилин түшүнбөсө,
Жабылышып - мырк дейт.
Терең ойлоп көргөнүмдө,
Неге мындай басынтат?
Өз жеримде эне тилди,
Кемсинтип жатышат.
Шаарда өсүп кыргыз тилди,
Билбейсиңби - мырк дейм.
Калпак кийгенден уялып,
Тартынасың - мырк дейм.
Манас ата ким экенин,
Билбейсиңби - мырк дейм.
Чоң апаны “бабушка” деп,
Айткандарды - мырк дейм.
Ичим күйгөн ойлорумда,
Күндө көргөн күнүмдүк.
Көкүрөктө кызыл жүрөк,
Тилиме кылат үстөмдүк.
Мен кайдыгер бола албайм,
Жамынгансып чүмбөткө.
Элим кайда баратканы,
Кантип сыят жүрөккө?..

Кайрыма:

Кыргызыма не керек?
Мусулмансың дин керек!
Кыргызыма не керек?
Таза кыргыз тил керек!
Кыргызыма не керек?
Өзөк керек күч керек!
Кыргызыма не керек?
Чындык керек, ак керек!
Сен тазасың мен таза,
Кир жолобойт жаныңа.
Андай болсо ханың да,
Таза болот тагында.
Андай болсо балаңдын,
Келечеги колуңда.
Андай болсо кыргыздын
Келечеги балаңда!


Элди каргап жасалганбы,
Аянттагы эстелик?..
Кыргыздарга дал келбеген,
Терс көрүнгөн эркиндик.
АКШнын эркиндиги,
Биздикинен ыймандуу.
Оң колуна отту кармап,
Этек башы жабылуу.
Кыргыз кыздар бузулсун,
Деп курулганбы эркиндик?
Канаттуу бир сойку кызды,
Элден бийик секирттик.
Сол колуна түндүк кармап,
Чачын кыска кыскартып.
Таштан чегип жылбас кылып,
Үлгү кылып караттык.
Эми жаштар кылганына,
Кантип капа бололу?
Элибиздин символдору,
Бузукулук жолдобу?
Бүт жагына карап көрсөң,
Элге чоочун саясат.
Гезит бетин ачып көрсөң,
Көзүң качып уялат.
Жыныстык катнашка чейин,
Жазып жүргөн катмарлар.
Келечекке балта чаап,
Акча үчүн жазгандар.
Сыналгынын төмөн жагы,
Акча үчүн смс.
Секс издеген жаш балдарың,
Бузулганы кеп эмес.
Акча үчүн баарын саттык,
Абийир, уят, намысты.
Ак-караны билбей калдык,
Туурап жатып батышты.
Түгөндүбү ак сакалдар,
Ак сакалын жайкалткан.
Ак ишине ак сөзүнө,
Элди тартып сактаган.
Хиджап киийген кыргыз кызга,
Жабылды го коомчулук.
Кыргыз мындай кийинбечү,
Далил кылды көпчүлүк.
Андай кыздар саналуу эле,
Ыйман жолун жолдогон.
Чүмкөнгөнү шайтандан бир,
Уят-сыйын коргогон.
Андай болсо не дудуксуң,
Калыс айткан көпчүлүк.
Кыргыз кыздар кийинбечи,
Шыйрак төштү көргөзүп.
Бир чүмкөнгөн кыргыз кызың,
Коргойт кыргыз намысты.
Бир жылаңач тентек кызың,
Уят кылат кыргызды.
Бул ыйымды койбойт эми,
Радиодон, теледен.
Себеп айттым мен чындыкты,
Чөгүп жаткан кемеден.
Келечекти ойлобосоң,
Анда адам ким элең?
Сени ойлогон бул жашоодо,
Жалгыз Кудай, бир энең!

Комментарийлер (52)

17.07.2011. 21:24
 janyl-myrza
Рахмат ушундай ырлар учун.Сендей Кыргыз Жигиттер кобойсо экен!!!
20.07.2011. 17:26
 HONDA
молдец!!!!!!!
21.07.2011. 14:19
 tatyna
азаматсыз абдан сыйлайм ушул байкени
25.07.2011. 22:23
 Azamat8702
жүз пайыз ачуу чындык чагылдырылган саптарында!!!
28.07.2011. 23:49
 ulake
калпак кийгенден уялсан мырк дейм! туура
30.07.2011. 20:59
 moon.alty6a
En sonun yr, chyndyktyn baary kamtylgan... Tata Ulan azamat
02.08.2011. 12:00
 jamshut
ук кыргызым
02.08.2011. 13:47
 elio
azamatsyz, Tata Ulan!
02.08.2011. 16:08
 orun
Тата Улан азаматсын! Элдин чыныгы патриоту деп сени айтса болот. Уже атына заты жарашпаган Эркиндикти алып жатышат.
07.08.2011. 14:50
 TolonturCN
Азаматсыз! ырларыңыздын баары мазмуну күчтүү. ушунуңуздан жазбаңыз.
07.08.2011. 14:54
 TolonturCN
Эчтеке калбаптырго айтылбаган, чындык чыркырап турса не айла, илгеркилер комуз менен төгүп айтып келген болсо насаатты, азыр Тата Улан, Добр дегендей азаматтарыбыз азыркынын заманбап төкмөлөрү реп менен камчыланып келе жатат.
08.08.2011. 11:12
 Pakal
Идеяны алып чыкканы жакшы... Бирок, Тата Улан мурда озу киргиз болуп жургон кыргыздардан болгондуктан саптарында каймактуу, жакшы уйкаштырылган создор жок. Озгочо ушул ыры такыр уйкашпаптыр. Тескерисинче рэпте уйкаштык коп болуш керек. Болбосо, демилгеси, аракети учун "беш"! А аянттагы Эркиндик эстелиги скульптордун жана кошоматчы чондордун Майрам Акаевага болгон "белеги" болчу...
12.08.2011 18:29
SHAMAL
Pakal, бир жерин катуу дурулдоп куйуп жатат окшойт!? озун бир акындардын биросу окшойсун кана уйкаштыгы жок жерин корсотчу баары ништяк и дерско. туз жала неудачник!!!
15.08.2011. 01:06
 bakir
Азаматсын.
20.08.2011. 02:37
 Muktar.baatyrjigit
келгиле Кыргыз элим тата улан айткандай МЫРК болбой КЫРГЫЗ тилде суйлойлу
28.08.2011. 19:53
 aika-hbk
кандай керемет ыр, уккан сайын уккун келет...
12.09.2011. 18:14
 Jecson
ех братан сени призедент кылса кандай болотех братан сени призедент кылса кандай болот
17.09.2011. 15:08
 Diamond9292
Тата Улан МОЛОДЕЦ!!!
27.09.2011. 14:30
 sherbolot
жакшыыы
27.09.2011. 14:31
 sherbolot
күчтүү
29.09.2011. 15:23
 ulanik
Уккан кулак аркылуу качан журокко ыйман кирет болду экен.
05.10.2011. 23:18
 chikaxan
кыргыздар алга
10.10.2011. 15:20
 Супер саяк
Негизи ушул жигит аябай париот жигит. Тата УЛАН супер +100000....... упай!
20.12.2011. 19:35
 burana
Азамар ТАТА УЛАН супер болуптур
04.01.2012. 22:37
 TolonturCN
Тата байкеге чексиз ыразычылык!
21.02.2012. 17:39
 kojonovnurik
Тата Улан байке азаматсыз.
09.03.2012. 16:52
 asil-08
сонун ыр
10.07.2012. 21:27
 nurnsk
ассалому алейкум ,рахмат ушундай ырларды жаратканынызга,туболук духунуздан тайбай журо берин!чындап эле айтылбаган эч нерсе калбаптыр
01.08.2014. 21:26
 dastan_nookat
Патирот Тата Улан Алга сизге ийгилик!!!
11.07.2015. 17:23
 nurgazy.kgz
Сөз жок эң сонун.
24.04.2016. 21:02
 Genar.benicio
Аянттагы эркиндикти ушул брат алдыртты да,Атамбаев 2011-жылы президент болуп келип Манастын эстелигин койду го.Модератор admin_media түзөттү 2016-04-25 11:39:15
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо